Түрк басма сөзү 26.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

250757
Түрк басма сөзү 26.04.2015


«Стар» гезити «Эми коргонбойбуз» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын МҮСИАДдын кезектеги 23-жалпы кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Чанаккале согушунун 100 жылдыгында өткөрүлгөн Тынчтык жыйыны аркылуу дүйнөгө күчтүү тынчтык билдирүүсү айтылганына ишенгенин айтканын жазган. Эрдоган Түркия тынчтык билдирүүсүн айтып жатканда Орусия, Франция жана Германия сыяктуу өлкөлөрдүн армян дооматтарына колдоо көрсөтүп душмандыкты көкүткөнүн белгиледи. Эрдоган «Бардык архивдерди ачалы» деген чакырык салып: «Мындан кийинки процесс башкача болот. Биз эч качан коргонбойбуз. Маалымат, илим, изилдөө, далилдер менен ортого салган өлкө болобуз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Европалык түрктөр шайлоого даяр» деген макаласында 2 миллион 800 миң европалык түрк шайлоочу, 7-июндагы жалпы шайлоолор үчүн 8-майдан тарта шайлоо участкаларына бара тургандарын билдирген. Добуш берүү процесси үч жумага созулат. Түрктөр Түркиянын башкы консулдуктары орун алган жерлерден өз добуштарын бере алышат. Эң көп түрк шайлоочу болсо Германияда.

«Сабах» гезити «Эки материк байланышты» деген маалыматында 2013-жылдын 29-майында салына баштаган Явуз Султан Селим көпүрөсүндө иш-чаралар ылдам уланып жатканын жазган. 3-Босфор көпүрөсү жана Түндүк Мрамор авто жолу долбоорунда көпүрөнүн тирөөчтөрү бүтүрүлгөндөн кийин эки материкти бири-бирине байланыштыра турган биринчи кадам ташталды жана зымдар тартыла баштады. 59 метрдик эни менен дүйнөдөгү эң кенен асма көпүрө боло турган Явуз Султан Селимдин 29-октябрда ачылуусу пландалууда.

«Хабер түрк» гезити «Таймаш башталууда» деген кабарында Стамбулдун жетекчилигинде өткөрүлө турган TEB BNP Paribas İstanbul Openдин эртеңки мелдештер менен баштала турганын билдирген. 3-майга чейин созула турган турнирде, түрк улуттук теннисчи Марсел Илхан биринчи турдан өтсө Рожер Федерер менен таймашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар