Түрк басма сөзү 24. 04. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

248306
Түрк басма сөзү 24. 04. 2015

«Хүррийет» гезити «Туруктуу дүйнө тынчтыгынын убактысы» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу Чанаккале согуштарынын 100 - жылынын негизинде Стамбулда чет мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен өткөрүлгөн «Тынчтык» саммитинде сөз сүйлөдү. Давутоглу тынчтык саммитин пландап жатканда бир гана нерсени максат кылышкандарын белгилеп : «Дүйнөгө бир ооздон кабар берүүнү кааладык. 100 жыл мурун кыйын согуштарды башыбыздан өткөрдүк. 100 жылдан кийин тынчтыкты түзүүнүн так эле учуру. Ал күн бүгүн»,- дегенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Көчүү иштеринде жаман мамилеге оор жаза» деген макаласында башкы штабдын Аскердик тарых жана стратегиялык изилдөөлөр мекемеси төрагалыгынын архивиндеги тарыхый документтер 1915 - жылы болгон окуялардын билинбеген тарабын ортого чыгарган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн архивдери 1915 – жылдагы окуяларга байланыштуу айтылгандардын тескерисинче армяндардын көчүүсү учурунда көрсөтүлгөн өзгөчөлүктү ортого салат. Документтерде армяндарга жаман мамиле кылгандар аскердик сотко жиберилери белгиленген.
«Стар» гезити «Түрк - орус кичи жана орто иш мекемелеринин өнөктөштүгү үчүн демилге» деген маалыматында Антальяда өткөрүлгөн Түркия – Орусия иш форумунда түрк - орус кичи жана орто иш мекемелеринин кызматташтыгы сөз болгонун белгилеген. Экономика министри Нихат Зейбекчи эки өлкөнүн арасындагы сооданын алдындагы бөгөттөрдүн жоюлушу менен эки тараптуу соода көлөмүнүн позитивдүү абалга келерин айтты. Зейбекчи түрк кичи жана орто иш мекемелеринин Орусияга үлгү боло аларын белгилеп, Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев эки өлкөнүн бири бирине карата жасаган инвестициялардын артуусу үчүн биргелешкен бир фондду сунуш кылды.
«Хабер түрк» гезити «Түркия көгүлтүр байракта дүйнө экинчиси» деген маалыматында пляждарга берилген эл аралык экология сыйлыгы «Көгүлтүр байрак» тизмесинде Түркия 2015 - жылы дүйнөдө экинчи болду. Маданият жана туризм министри Өмер Челик : «2014 – жылы экинчи орунда турган Грециядан 10 байрак артта болчубуз. Бирок 2015 – жылы 436 байрак менен Грециядан 41 байрак ашып өттүк жана дүйнөлүк тизмеде ордубузду өзгөрттүк. Биринчи орунду Испания алды»,- деди.
«Сабах» гезити «Баскетбол шаан – шөкөтүнө Түркия тамгасын басат» деген маалыматында Фенербахче катыша турган Final Fourга Turkish Airlines Euroleagueде толук мааниси менен түрктөр өздөрүн көрсөтөт. Түрк аба жолдору спонсор болгон иш чарада маданият жана туризм министрлиги да Fan Zoneде Түркияны таанытат. Түрк мекемелери орун ала турган бул бөлүмдө министрлик өз стенддерин куруп беттешүүдөн мурда иш чаралар өткөрүлөт. Түрк даамдарынан маданиятына чейин Түркия таанытылып туризм үчүн маанилүү бир салым кошулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар