Түрк басма сөзү 23.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

247081
Түрк басма сөзү 23.04.2015


«Хүррийет» гезити «Саваронада коноктолот» деген макаласында президент Эрдогандын Чанаккале согушунун 100 жылдыгынан улам өткөрүлө турган аземдерге катышуу үчүн келген президенттерди жана өкүлдөрүн эртең Ататүрктүн тарыхый Саварона яхтасында бериле турган кечки сый тамакта тосуп алаарын жазган. Саварона сый тамак берилип жаткан учурда Чанаккале кысыгында сүзүп жүрөт. Ал эми иш-чаралар өткөрүлө турган 24-25-апрель күндөрү үчүн отелдерде орун калбай калды.

«Ватан» гезити «Ал кемелерди чөктүрүү апаат болот» деген макаласында Жер Ортолук деңизиндеги кеме кырсыктарында бир жуманын ичинде миңден ашуун көчмөндүн каза болушуна байланыштуу чогулган Европа Биримдиги өлкөлөрү адамдарды мыйзамсыз ташыган кемелердин чөктүрүлүүсү чечимин жактыргандарын жазган. Кабарда президент Эрдогандын бул планга катуу каршылык көрсөтүп: «Бул бир апаат болот. Бул адамдарга жасалган кандай мамиле. Түркия 2 миллион көчмөндү баш калкалоодо. Батыштын бул мамилесин айыптаймын жана наалат айтамын»,-дегени баяндалган.

«Йени шафак» гезити «Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт дүйнөдөгү өлкөлөрдүн Түркияны көрө албай жатканын айтты» деген маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглу менен маалымат жыйын өткөргөн Тони Эбботт Түркиянын акыркы 10 жылдагы ийгилигине көңүлдөрдү буруп: «Дүйнөдөгү көптөгөн өлкө сиздерди көрө албай жатышат»,- деди. Эбботт Түркиянын кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык жактан аябай өнүккөнүн белгиледи.

«Стар» гезити «Кичинекейлерден тынчтык наны» деген макаласында 23-апрель үчүн Түркияга келген дүйнө балдары 6-жолу уюштурулган «Тынчтык наны» фестивалынын алкагында Стамбулга баргандарын маалымдаган. 120 бала Стамбулдун губернатору Васип Шахин жана президент Эрдогандын уулу Билал Эрдоган менен жолугушушту. Кичинекейлер протоколдун мүчөлөрүнө тынчтык нанын сунушту. Губернатор Шахин дүйнө балдары көрсөткөн тилектештикти мисал кылып: «Келечектеги муундарга бул достук дагы да күчтөндүрүлүп калтырылат»,- деди.

«Сабах» гезити «Лицейдин окуучуларынан сыймыктандыруучу сыйлыктар» деген маалыматында түрк окуучулары эл аралык көптөгөн конкурстардан дүйнөлүк даражалар менен кайтып келгендерин билдирген. Италияда өткөрүлгөн GEF Global Education фестивалында жарышкан түрк окуучулары тең укуктуулукту жактаган кинотасмалары менен дүйнө биринчиси болушту. Фестивалда жалпы 20 өлкөдөн 53 кинотасма жарышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар