Түрк басма сөзү 22.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

246368
Түрк басма сөзү 22.04.2015

«Хабер түрк» гезити «Чанаккале жеңишинин жүз жылдыгына 21 мамлекет башчы катышат» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен 23-24-апрель күндөрүндө боло турган Тынчтык саммити жана Чанаккале согуштарынын жүз жылдыгынын аземдери боюнча 80 өлкөдөн жүзгө жакын чет өлкөлүк мамлекеттик ишмер катышаарын жазган.
Гезит иш-чараларды байкай турган акредитация алган маалымат каражаттарынын мүчөсү бир миң жүз болуп, Чемпиондор лигасын көргөн 770 чет өлкөлүк басма сөз кызматкерлеринин санынан ашып түшкөнүн белгилеген.
«Миллийет» гезити «Гебзеде микрочип ишканасы курулат» аттуу макаласында Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАКтын илимий кеңешинде чип ишканасы курулушуна чечим чыгарылганын жазган.
Гезит чип ишканасы Улуттук коргоо өнөр жайынын кеңешчилиги жана фирмалардын кызматташуусунда Гебзеде курула турганын баяндаган. Анда аскердик электроникалык өнөр жай АСЕЛСАН жана Билкент университетинин өнөктөшүүсүндө пайдубалы түптөлгөн галий нитраттан өндүрүлө турган чип ишканасынан кийин, ТҮБИТАКтын жол башчылыгында Түркиянын алгачкы кремнийден өндүрүлө турган чоң чип ишканасы үчүн иш-чаралар башталганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «1 миллион кишиге иш» аттуу маалыматында Түркияда жумуш менен камсыздоодогу рекорддук өсүү бир топ өлкөнү артка калтырганын баяндаган. Анда 2014-2015-жылдардагы мезгилдердин арасында толук 1 миллион кишини жумуш менен камсыздаганы белгиленген.
Гезит калктын саны жагынан Түркиядан 4 эсе чоңдуктагы евро аймагында болсо ошол эле жылы болгону 220 миң киши иш күчүнө кошулганын жазган. Бул абал Түркия жетишкен динамизмди жыйынтыктап турат.
«Сабах» гезити «Европанын эң чоң клетка жана ген борбору» деген макаласында доорубузда бир топ оорунун дары менен дарыланышы мүмкүн болбогонун жазган.
Гезит ушул себептен адамдын өз клетка жана ткандары колдонулуп дарыланышы боюнча эмгек кылынып жатканын белгилеген. Анда Трабзондо орун алган Европанын эң чоң өзөк клеткасы жана ген борборунда ALS оорулууларына карай өзөктүк клетка трансплантациясы жасалып жатканда рак эмдөөсүн сыноо иштери да уланып жатканын белгилеген. Бул борбордо алдыбыздагы күндөрдө да приступтан кийин жүрөктө өлгөн клеткалардын ордуна өзөктүк клетка трансплантациясы боюнча иштер аткарылат.
«Ватан» гезити «Энергетика, курулуш жана технология менен 1,5 триллион доллар киреше түшөт» деген макаласында Түркия Булуң аймагынан жалпы чоңдугу 1,5 триллион долларга жеткен фонддордун башкаруучуларын тосуп алаарын маалымдаган. Анда Эл аралык инвестиция саммитинин төрагасы Хашим Сүнгү, 29-30-апрелде боло турган жана быйыл экинчиси өткөрүлө турган саммитте, булуңдун маанилүү ысымдары менен түрк иш дүйнөсү жана мамлекеттик ишмерлеринин жолугуша турганын айтканы белгиленген. Гезит Булуңдун фонддорунун Түркиянын экономикасына улам көбөйгөн кызыгуусуна көңүл бурган Сүнгүнүн,«Дээрлик ар бир сектор менен алектенгендерин, маалымат талап кылгандарын айта аламын»-дегенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар