Түрк басма сөзү 20.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

242860
Түрк басма сөзү 20.04.2015


«Йени шафак» гезити «360 градус мейкиндикте Чанаккале дастаны» деген макаласында Чанаккале дастаны жазылган жерлердин интернет чөйрөсүндө орун алаарын жазган. Google Street View тарабынан 360 грудуста көрсөтүлгөн эстелик жана шейиттиктер көрүстөнүн 24-апрелден тарта интернеттен кыдырууга болот. Чанаккале жеңишинин жүз жылдыгында ишке аша турган долбоор аркылуу Жарым арал паркын 84 башка жерден көрүүгө болот.

«Сабах» гезити «Алгачкы жергиликтүү байланыш спутниги келе жатат» деген макаласында Түрксаттын башкы директору Энсар Гүл Түркиянын алгачкы жергиликтүү байланыш спутниги Түрксат 6Аны жасоо үчүн Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАК, Түрк авиация жана космостук өнөр жайы ТАИ, Аскердик электрондук өнөр жайы АСЕЛСАН сыяктуу мекемелер менен бирге иш-чаралар башталганын билдиргенин жазган. Бул спутник 354 кишинин аракети менен 5 жылдын ичинде аяктайт. 

«Стар» гезити «Стамбулда чоң саммит өтөт» аттуу маалыматында Стамбулдун чоң жыйынга жетекчилик кылаарын билдирген. Өлкөлөрдүн топографиялык карта жана географиялык маалымат технологиялары секторлору ушул дүйнөлүк жыйында чогуу болушат. 85 өлкөдөн 3 миң киши катыша турган саммитте 150 илимий маалымат билдирилет. 24-апрелге чейин созула турган саммитке 30га жакын өлкө министрлер деңгээлинде катышат.

«Хабер түрк» гезити «Курулуш жаманкеси быйыл 111 миң кишини тосуп алат» деген макаласында быйыл 38-жолу уюштурулуп жаткан дүйнөдөгү эң ири беш курулуш фирмасынан Turkeybuild Стамбулда каалгасын ачаарын жазган. 111 миң кишинин кыдырышы күтүлгөн жарманкеде түрк курулуш секторунун алдыңкы фирмалары өз технологияларын таанытат. 21-25-апрель күндөрүнүн арасында өтө турган иш-чарага 105 өлкөдөн 1250 фирма катышат.

«Ватан» гезити «7 керемет быйыл Антальяда» деген маалыматында быйыл тогузунчусу өтүп жаткан Эл аралык Анталья Кум айкелдери фестивалында айкелдер жасала баштаганын билдирген. Быйылкы темасы «Дүйнөдөгү 7 керемет жана мифология» деп аталган фестивалда 8 өлкөдөн 20 айкелчи өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Жалпы 10 миң тонна кум колдонулуп жасала турган 100дөн ашуун айкелдин 15-майга чейин бүтүрүлүүсү пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар