Түрк басма сөзү 17. 04. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

239663
Түрк басма сөзү 17. 04. 2015

«Йени шафак» гезити «Гөрмез БУУда ахлактан сөз кылат» деген макаласында республика тарыхында биринчи жолу Дин иштеринин төрагасы БУУда сөз сүйлөй турганын билдирген. Мехмет Гөрмез БУУда бул жылкы Куттуу жумалыктын темасы болгон «Азырети Пайгамбар жана бирдикте жашоо ахлагын» дүйнө лидерлерине түшүндүрөт. 21 – 22 - апрель күндөрү Нью – Йоркто боло турган жыйында Дин иштеринин төрагасы Мехмет Гөрмез БУУда ислам дүйнөсүнүн өкүлү катары орун алат.
«Сабах» гезити «Кичи жана орто бюджеттүү иш мекемелери облигация экспорттойт» деген макаласында Түркия жана Европада биринчи жолу Кичи жана орто бюджеттүү мекемелер тарабынан ишке аша турган топ түрүндө облигация экспорту үчүн протоколго Стамбулда кол коюлганын жазган. Инвестиция чөйрөсүн жакшыртуу координация кеңешинин кичи жана орто бюджеттүү иш мекемелеринин капитал базары каражаттарынан пайдалануусун максат кылган кыймыл планынын негизинде көз карандысыз текшерүүдөн өткөн жана инвестиция сала алат деген кичи жана орто бюджеттүү мекемелер экспорттой турган облигацияларды демилге капиталы инвестиция фонддору сатып алат.
«Стар» гезити «Intesa Sanpaolo банкы Түркиядагы биринчи филиалын ачты» деген макаласында ушул күнгө чейин Түркиядагы иштерин Стамбулдагы бюросу аркылуу жүргүзгөн Италиянын банкы Intesa Sanpaolo биринчи филиалын Стамбулда кызматка ачты. Банктын аткаруу директору, кооперативдик жана инвестициялык банк департаментинин төрагасы Гаэтано Миссиче : «Intesa Sanpaolo үчүн Стамбул филиалынын ачылышы ар дайым абдан чоң маани берген базарга кирүү деген мааниге келет. Ушундайча түрк, италиян жана чет элдик кардарларыбызга дагы жакшы кызмат суна аларыбызга ишенем»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «Эң көп сүйүлгөн шаар Стамбул» деген маалыматында борбору АКШ болгон Tripadvisor изилдөө мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө Европа категориясында «эң көп сүйүлгөн 25 туристтик шаар» тизмесинде биринчи орунда Стамбул, сегизинчи орунда болсо Кападокиянын Гөреме аймагы орун алганын жазган. «Travellers Choice» сыйлыгына ылайык көрүлгөн Стамбулду биринчи кылган эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн башында ээ болгон тарыхый жана маданий мурасы, географиялык абалы, мейманканалары, тамак маданияты жана өзүнө тартуучу өзгөчөлүгү көрсөтүлдү.
«Хүррийет» гезити «Каннда сыймык медалы» деген маалыматында дүйнөнүн алдыңкы эл аралык телекөрсөтүүсү MIPTVнын организатору Рид Майдем телекөрсөтүү дүйнөсүнө зор салымын кошкон жогорку мартабалуу башкаруучуларга берилген «MIPTV сыймык» медалын бул жылы биринчи жолу бир түрккө берди. 15 - апрелде Франциянын Канн шаарында өткөрүлгөн аземде сыйлык Доган тв Холдинг акционердик коомунун СЕОсу Ирфан Шахинге берилгенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар