Түрк басма сөзү-12.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

234137
Түрк басма сөзү-12.04.2015

«Йени шафак» гезити «Энергетикада эң ылдам өскөн экинчи өлкөбүз» деген макалада энергетика жана жаратылыш ресурстары министри танер Йылдыздын Түркиянынэнергетика секторунда Кытайдан кийин эң көп өскөн өлкө болгонун айтканын жазган.
Гезит Түркиянын Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ортосунда жаратылыш газды эң арзан алган, ал эми электр энергиясын эң арзан саткан 3 өлкөнүн арасында орун алганын белгилегенин жазган. Анда өнүккөн Түркиянын кичирейген энергетика сектору болбой турганын баса белгилеген Йылдыздын, энергетика секторунда дагы ылдам өскөн Түркия болушу керектигин айтканы маалымдалган.
«Миллийет» гезити «3Т технология борбору Түркияда базасын курду» аттуу макаласында дүйнөнүн алдыңкы технология жана изилдөө-өнүктүрүү түзүлүштөрүнүн арасында орун алган Аахена университетинин интернет технологияларын изилдөө борборунун 100 пайыз шериктеши болгон 3Т Технология трансфер борбору, Түркиядагы борборун Бурса шаарында ачканын жазган.
Гезит шамал энергетикасында дирилдектердин өндүрүлүшүнөн тартып, медицина тармагында жүрөк капкактарыннын жасалышы менен текстилде инновативдик товарлардын өндүрүлүшүнө чейин көп тармакта иштеген 3Т, өзү өндүргөн товарларды Бурсада түрк фирмаларына өндүртө турганын баяндаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Антальяга жылдыз жаайт» аттуу макалада дүйнө боюнча аял гольф спортчулары май айында Антальяда күч сынашаарын маалымдаган.
Гезит быйыл жетинчиси өткөрүлүп жаткан Европанын аялдар арасындагы Гольф турниринин Түркиядагы бөлүмү болгон "2015 Turkish Airlines Ladies Open" 17-20-май күндөрүнүн арасында Антальянын Белек районунда өтөөрүн белгилеген.
Анда Европанын алгачкы жана жалгыз жарыктандырылган гольф талаасы болгон "Carya Golf" өтө турган турнирге атактуу чемпион гольфчулар катыша тургандарын жазган. Туризмдин таанытылышы үчүн да абдан маанилүү болгон бул турнирдин эң негизги өзгөчөлүктөрүнөн бири да 500 миң евролук чемпиондук сыйлыгы болду.
«Хабер түрк» гезити «Швеция калкы түрк кызы Мелисаны сүйлөшүүдө» деген маалыматында Швецияда туулуп өскөн Мелиса Доганай(12), спорт жана бий сынактарында ээ болгон кубоктору менен швециялыктардын көңүл чордонунда болгонун жана Швецияда "Monster Girl" деген лакап менен таанылган Мелиса, эң акыркы жолу эл аралык бий сынагында жеңишке жетишкенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Дүйнөнүн эң таасирдүү эки кишиси» деген макаласында «Тайм» журналынын жыл сайын уюштурган «Дүйнөнүн эң тасирдүү 100 кишиси» аттуу сурамжылоосунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түштүк Корея жараны 2NE1 рэп музыка тобунун вокалисти CL , чыныгы аты Ли Чэ-Рин бирдей добушка ээ болуп алдыңкы орунду бөлүшүшкөнүн жазган.
Гезит Ли Чэ-Риндин Путин сыяктуу дүйнөнүн төрт тарабынан окурмандар берген добуштардын 6,9 пайызын алып биринчиликти алышы таң калтырганын жана АКШнын президенти Барак Обама 11-орунду алса Түркиядан тизмеге кирген жалгыз ысым 0,5 пайыздык добуштун ээси президент Режеп Таййип Эрдоган болгонун жазган. Журналдын редакциялык тобу өз тандоосун 16-апрелде жарыяламакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар