Түрк басма сөзү-8.04.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

230974
Түрк басма сөзү-8.04.2015

«Йени шафак» гезити «Аянтта таба алган жок, сүйлөшүү үстөлүнө кайтууда» аттуу макаласында Чыгыш Жер Ортолук деңизде мунай зат издей турганын жарыялап Түркияга каршы Египет жана Израиль менен шериктештик түзүүгө аракет кылган Кипрдын Рум Бөлүгүнүн куру ызы-чуу салышы бекер эле болгонун жазды. Гезит румдардын сүйлөшүүгө 6 айдан кийин кайра көнгөнүн, Кипрдын Рум Бөлүгүнүн сүйлөшүүлөргө кайра кайтышындагы эң маанилүү фактор мунай зат издөөдөн майнап чыкпай калганы экендигин белгилеген.
Анда Румдардын колдоочусу Грециянын ЕБ менен маселеси болуп жаткандыктан Кипр румдарынын Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен диалог куруу жолун баштоосуна себепчи болгону сөз кылынган.
«Ватан» гезити «Белек Обаманы күтүүдө» деген макаласында АКШнын президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Ангела Меркел сыяктуу лидерлерди жолугуштура турган Чоң жыйырмалык саммити өткөрүлө турган Антальянын Белек районунда иштер уланып жатканын белгилеген.
Гезит Антальянын губернатору саммит үчүн отелдердин ноябрь айында резервация албай турганын айтканын жазган.
Анда белектеги саммитке дүйнөлүк лидерлер менен катар 13 миң кишинин катышуусу күтүлүп жатканы, Түркия 2015-жылдагы Лидерлер саммитин 15-16-ноябрь күндөрүндө Антальяда өткөрө турганы баяндалган.
«Сабах» гезити «Мамлекеттик банктар чорголорун ачты» деген макаласында мамлекеттик банктар президент Эрдогандын буйругу менен жаңы насыя кыймыл планын даярдаганын жазган.
Гезит дагы көп ырааттуулук жана өсүү үчүн насыя чорголорун акырына чейин ачканын белгилеген.
Гезит банктар өзгөчө аз өнүккөн аймактарда курулган же курула турган фирмалардын финансыланышын жеңилдете турганын жана алгач ирет фирма кургандар үчүн финансылык колдоонун камтуусу кеңейтиле турганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «CeBİT технолгиянын товарга айлануусу үчүн маанилүү» аттуу макалада илим, өнөр жай жана соода министри Фикри Ышык, «Эл аралык фонддордон пайдалануу жана технологиянын баасы жоголо электе товарга айландыруу үчүн CeBİT сыяктуу уюштуруулардын үлүштөштөрүн чогултууда жана кызматташууларды курууда абдан маанилүү функциялары болгон иш-чаралар»-деп айтканын жазган.
Гезит Ышыктын, «Бул темадагы сезимталдыгыбыз уланат жана өлкөбүздү заманбап дүйнөдө сөз ээси болгон өлкөлөр классына алып чыгабыз»-деп сереп салганын баяндаган.
«Стар» гезити «8 жашында скрипка менен даңазаланды» деген маалыматында Мерсин университетинин скрипка бөлүмүнүн окуучусу 8 жаштагы Лачин Акйол Бельгиянын Намур шаарында уюштурулган «Эл аралык Crumiaux жаш скрипачтар сынагында» өз категориясында 23 скрипачтан озуп чыгып дүйнө үчүнчүлүгүнө ээ болгонун маалымдаган.
Анда Германия, Франция, Орусия,Эстония,Сингапур, Япония, Финляндия, Латвия,Бельгия,Литва жана Нидерландия сыяктуу дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн жаш скрипачтар катышкан сынакта Түркияны өкүлдүк кылган Лачин Акйол, айрыкча үмүт жандырган скрипачтар тизмесине атын жаздырганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар