Түрк басма сөзү-31.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

289825
Түрк басма сөзү-31.03.2015

«Ватан» гезити «Иса пайгамбардын чиркөөсүн Түркия оңдойт» аттуу макаласында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА Иса пайгамбардын туулган жери катары кабыл алынган Nativity (кайра жаралуу) чиркөөсүнүн рестоврациясы үчүн Палестина өкмөтүнө 100 миң доллардык жардам берээрин жазган.
Гезит Палестинанын Бейтуллахим шаарында орун алган чиркөө мурда кулап калуу коркунучуна туш болгонун белгилеген. Анда Палестина өкмөтү чиркөөнүн рестоврациясы үчүн Түркиядан суранганы маалымдалган.
«Сабах» гезити «Булчуң күчү менен материктерди ашып өтөт» деген маалыматында Нью-Йорктон 19-майда калагын күүлөй баштай турган түрк саякатчысы Эрден Эруч Чанаккале согуштарынын 101 жылында Гелиболуга жетүүнү максаттаганын жазган.
Гезит Эруч толугу менен булчуң күчүнө таянган жол жүрүүлөр менен дүйнөнү кыдырып «Гиннес» рекорддор китебине киргендигин маалымдады. Анда Эручтун астралиялык жолдошу менен бул жолу Атлантика океаны жана Жер Ортолук деңизди яхтасы менен 10 айда ашып өтөөрү орун алган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Жоогазын сапары, Стамбулдун түстөргө бөлөнүшү» аттуу макалада Стамбул Жоогазын фестивалы 11-апрелде баштала турганын жазган.
Гезит фестивалда дүйнөдө алгачкы болуп эсептелген жоогазын килеми да көргөзмөгө коюлаарын, онунчу жоогазын фестивалынын алкагында Стамбулдун бир топ жеринде миллиондогон жоогазын тигилээрин белгилеген. Анда 30-майга чейин улана турган фестивалдын алкагында Стамбулдун бардык жеринде жоогазындар ачылаары, дүйнөдө алгачкылардан болуп 545 миң жоогазын колдонула турган «Жоогазын килеми» да Султанахмет аянтында орун алаарын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Максат дүйнөлүк рекорд» аттуу маалыматта Стамбул мэриясы тарабынан уюштурулган жана 10 миң кишиге жетиши күтүлгөн Стамбул жарым марафонунда быйыл максат дүйнөлүк рекорд катары белгиленгени орун алган. Анда 9 өлкөдөн 26 таанымал жеңил атлет катыша турган 26-апрелдеги марафондо эркектерде кениялык Вильсон Кипроп жана эфиопиялык Дериба Мерга менен аялдарда акыркы дүйнөлүк жарым марафон чемпиону кениялык Глайдс Чероно жарышаары маалымдалган.
«Стар» гезити «Жарышты таштады жаралуу ителгиге чуркады» деген макаласында дүйнөгө таанымал туризм борборлорунан Кападокияда уюштурулган Эл аралык орентиринг жарышында 9 жаштагы бир бала спорттун карапайымдык болгонун эске салганын белгилеген.
Гезит атаандаштары менен жарышып баратып жараланган ителгини таап алган Исмаил Энестин жарыштан баш тартканын баяндаган. Анда жаралуу ителгини финиш сызыгына алып барып, жарыштын эң карапйым спортчусу болуп тандалганы маалымдалган.
«Хабер түрк» гезити «Учкуч эмне үчүн террорист эмес?» деген маалыматында АКШ жана Европада Germanwings аба жолуна таандык учакты атайылап кулатканы белгиленген жардымчы учкуч Андресс Любицке террорист деп айтпаш үчүн ар ким чындап эле алпурушуп жатканы жөнүндө талаш Түркияга да жеткенин белгилеген.
Гезит адистердин ай рымдары Любицтин жакынкы чыгыштык болгондо террорист деп изилдениши мүмкүн экендигин айткандарын, айрымдарынын саясий өтмүшүнүн болбошу бул ыктымалдуулукту жойгону көз карашында экенин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар