Түрк басма сөзү 30.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

287758
Түрк басма сөзү 30.03.2015

«Сабах» гезити «Капитал мамлекеттен технология фирмадан» деген макаласында экономика башкаруусу Түркияда инвестиция иш-чарасын баштай турганын жазган. Жумуш менен камсыздоону жана өндүрүштү арттырууга карата кеңири экономикалык пакет даярдалды. Ушул жумада жарыялана турган пакетке ылайык капиталын көбөйткөн фирмаларга салыктар азайтылып, технология өндүргөнгө болсо шыктандыруучу жеңилдиктер түзүлөт.

«Йени шафак» гезити «Харранда максат 2 миллион турист» деген макаласында дүйнөдөгү эң алгачкы отурукташуу жерлеринин бири болгон тарыхый Харран районуна быйыл келе турган туристтердин санында чоң өсүү күтүлүп жатканын жазган. Коникалык куполдуу үйлөрү жана түрдүү архитектурасы менен катар алгачкы Ислам университетинин да калдыктары орун алган районду жыл сайын миңдеген турист кыдырууда. Харран Юнесконун дүйнөлүк мурастар тизмеси үчүн талапкер статусунда.

«Хүррийет» гезити «Антальяда чоң долбоорлор ишке ашат» деген макаласында акыркы жылдарда инвестициялар көбөйгөн Антальяда чоң долбоорлор ишке ашаарын билдирген. Ушул алкакта Коньяалты жээк долбоору, Богазчайы долбоору, круиз порту, яхта порту жана дарыя мариналары, темир жол системалары сыяктуу долбоорлор башталды. Антальяда өткөрүлө турган «Гүл жана бала» темалуу ботонакалык жарманке «ЕХРО-2016» үчүн даярдыктар ылдам уланып жатканда Коньяалты районунда ЕХРО-2016 үчүн алгачкы иш-чаралар жүрүп жатат.

«Стар» гезити «Алтын тюльпан кинофестивалы башталууда» деген макаласында 34-Стамбул конофестивалы 4-апрелде баштала турганын билдирген. Фестивалда Жафар Панахи, Томми Ли Жонс, Энн Холл, Пол Томас Андерсон, Данис Танович сыяктуу атактуу оюнчулар кино сүйүүчүлөрү менен жолугушат. 19-апрелге чейин созула турган фестивалга 62 өлкөдөн 204 кинотасма катышат.

«Хабер түрк» гезити «Францияга барабыз» деген макаласында 2016 Европа футбол чемпионатынын тандоо оюндарында Нидерландия менен таймашып 1-1 эсебинде тең чыккан Түркиянын А улуттук курама командасынын машыктыруучусу Фатих Теримдин оюнчуларды куттуктаганын жазган. Улуттук курама команда даярдык мелдештери үчүн Люксембургга барды. Түрк футболчулар Люксембург менен 31-март шейшемби күнү өткөрө турган даярдык мелдешинен кийин Түркияга кайтып келишет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар