Түрк басма сөзү-29.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

286706
Түрк басма сөзү-29.03.2015

«Стар» гезити «Түркия Парламентинин Европа Парламентине 1915-жылдагы окуя боюнча түшүндүрүүсү» аттуу макаласында Европа Парламентинде 24-апрелде күн тартипке келиши күтүлгөн «армян кыргыны» долбоорунун сүйлөшүлөөр алдында эл өкүлдөрү Брюсселге барып лобби иштерин жүргүзгөнүн баяндаган.
Гезит делегациянын жолугушууларында Диван-ы Харп документтери, ал мезгилдин карталары орун алган Осмон архивинин документтерин сунуштаганын маалымдаган.
Анда Осмондук бийлигинин көчүрүүсү убагында армяндарга зыян тийгизгенди жазаландырганы, ал жылдарда бир топ армяндын жугуштуу оорулар, ачарчылык жана күрт урууларынын кол салууларына дуушар болуп каза болгондору документтери менен түшүндүрүлгөнү орун алды.
«Сабах» гезити «Билим бер-жабды үчүн орчундуу күн апрелде» аттуу макалада сириялык оппозициячылдарга билим берилиши иш-чаралары үчүн АКШлык делегация апрель айында Анкарага келээрин жазган.
Гезит андан соң Кыршехирде баштала турган билим берүүлөрдө оппозициячылдар АКШнын «Стингер» ракеталарын колдонууну да үйрөнүшөөрүн, Сириянын түндүгүндөгү айылдардан билим бериле турган оппозициячылдардын тандалышы да уланып жатканын баяндаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Оолуккан долбоор жана сунуш» аттуу макалада Никарагуа Панама каналынын түндүгүндө материктер аралык кеме транспортун кыскарта турган оолуккан долбоорду ишке ашырууда экени орун алган. Гезит Никарагуанун президенти Дениэль Ортеганын атайын министри др. Пол Оквист Келли Канал Стамбул даярдыгын көрүп жаткан Түркияны инвестиция салууга чакырганын маалымдаганын, Түркияга келип ар түрдүү жолугушууларды өткөргөн Келли,өлкөсүндөгү долбоордун базис иштерине салым кошууну суранганын жазган. Анда Келлинин: «Долбоордун курамында эки порт, эки эркин соода аймагы, бир аэропорт, темир жолу, бир топ үстүңкү жана астыңкы курулуш долбоорлору да болот. Түркия ушул долбоорлордун бардыгында орун алса болот»-дегени маалымдалган.
«Миллийет» гезити «Түркия микро чип ишканасын курат» аттуу маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышыктын Түркияда микро чип өндүрүүчү ишкана салына турганын билдиргенин маалымдаган. Анда Ышык Түркияда коргоо өнөр жайы долбоорунун коопсуздугу жана сектордун ылдам өнүгүүсү жагынан ТҮБИТАК жана Коргоо өнөр жай кеңешчилигинин координациясында ишкана куруу иштерин баштагандарын айтканы маалымдалды.
«Хабер түрк»гезити «Чемпиондорго 150 миллион евро» аттуу макаласында Түрк аба жолдорунун 3 жылдык Чемпиондор лигасынын демөөрчүлүгү үчүн 150 миллион Евро төлөй турганы алдыга коюлганын баяндаган.
Гезит Түрк аба жолдорунун жооптуулары сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирип,келишимдин акырында Чемпиондор лигасынын 5 негизги демөөчүсүнөн бири боло турган Түрк аба жолдору бир учагын Чемпиондор лигасынын логотибине жараша боей турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар