Түрк басма сөзү 28. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

283573
Түрк басма сөзү 28. 03. 2015

«Йени шафак» гезити «Чанкаяда алгачкы конок Фидан» деген маалыматында Чанкая сарайы премьер – министрликке өткөрүлүп берилгенден кийин сарайдын алгачкы коногу Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан болгонун жазган. Фидан менен Давутоглунун жолугушуусунда чечүүчү жол процесси менен Сауд Арабстандын жол башчылыгында Йеменде хусилерге каршы баштатылган операциянын каралганы билдирилди.
«Стар» гезити «Түркия Азия Инвестиция банкына орток болууда» деген маалыматында казына кеңешчилиги Кытайдын демилгеси менен курулууга аракет кылынган Азия Базис Инвестиция банкына мүчө болуу үчүн кайрылды. Азияда транспорт, телекоммуникация жана башка базистик инвестициялардын ылдамдатылуусун максат кылган банк батыштык өлкөлөрдүн башкаруусундагы Дүйнө банкы жана Азия өнүгүү банкынын атаандашы катары көрүлүүдө.
«Ватан» гезити «Германияда түрк аял депутатын коркутушту» деген маалыматында Германияда Жашылдар партиясынын Гамбург аймагынын депутаты Небахат Гүчлүнүн мэрдик сарайындагы почта кутусуна ким экени белгисиз кишилер тарабынан жан коопсуздугун коркуткан кат жиберилгенин жазган. Гүчлүгө кайрылып : «Сенин тамагыңды кесүү керек»,- деген сөздөр жазылган 3 беттик катта түрктөр, мусулмандар жана федералдык өкмөттүн шайкештиктен жооптуу министр Айдан Өзогуз тууралуу да акаарттарды камтыган сүйлөмдөрдүн бар экени белгиленди.
«Сабах» гезити «Түркия орган соодасына каршы Европа менен келишимге кол койду» деген маалыматында Түркия «Орган соодасына каршы Европа Кеңеши келишимине кол коюу менен орган соодасы менен күрөшүүгө катышкан 14 жол башчы өлкөнүн арасында орун алды. Өз ыраазычылыгы менен орган багыштагандардын же буга арачы болгондордун финансылык жардам жана башка мүмкүнчүлүктөргө жетишүүсүнө тыюу салган келишим менен жапа чеккендердин укуктарынын да дагы күчтүү коргоого алынуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Хабер түрк» гезити «Крайон тынчтык үчүн келет» деген маалыматында дүйнөдө миллиондогон киши тарабынан иликтенген, Түркияда да жеке өнүгүү жана руханият менен кызыккан он миңдеген иликтөөчүсү болгон Ли Кэрролл-Крайон 11 – 12 - апрель күндөрү атайын бир иш чара үчүн биринчи жолу Түркияга келет. Түркчөгө которулган 16 китеби болгон метафизика мугалими жана жазуучу Кэрролл Стамбулда күйөрмандары менен жолугушат. Күйөрмандары Ли Кэрролл үчүн : «Крайон кабарлары менен Түркия жана Жакынкы Чыгышка тынчтык, сүйүү жана позитивдүү энергия алып келүү үчүн келет»,- дешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар