Түрк басма сөзү-26.03.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

282387
Түрк басма сөзү-26.03.2014

«Стар» гезити «Президенттик системада көп баштуулук жоюлат» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын базарчы-соодагерлер менен жолугушуусунда, «Президенттик системага өткөнүбүздө парламентте болгондор эми болбойт, көп баштуулук, бардык тоскоолдуктар жоюлат. Такала-такала ушул күнгө жеттик, бирок эми бул система менен жолубузду уланта албайбыз. Президенттик менен чогуу ылдам чуркаган,кадам таштаган жана заманбап маданият деңгээлинин үстүндө болгон Туркия чыгат»-дегенин баяндаган.
«Миллиет» гезити «Автомобиль өндүрүүгө бир убакта эки инвестиция салынды» аттуу макаласында «Ман» тобунун жогорку классындагы «Неоплан» маркасындагы автобустарынын Германиядагы чыгарылышын токтотуп , Анкарадагы «Ман» мекемесине которгонун билдирди.
Гезит жылда 2 миңге жакын автобус менен биргеликте «Ман» ишканасы үчүн электрондук тетик да өндүрүп чыга турган ишканада, «Неоплан» менен бирге учурдагы өндүрүштүн 40 пайызга арттырылышы максатталганын баяндаган. Анда Тойота Түркия да Адапазары ишканасында өндүрүшүн баштай турган жаңы модель инвестициясы үчүн ишин баштаганы, ишкана бул максат менен 1500 жаңы жумушчу алаары маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «Туркуаз сууга түшүүдө» деген макаласында Түркиянын алгачкы 100 пайыз жергиликтүү сейсмикалык кемеси МТА Туркуаз ишемби күнү деңизге түшүрүлөөрүн баяндаган.
Гезит мунай зат жана жаратылыш газды издей баштаарын, сейсмикалык сызыктарды иликтеп кеме менен деңиздин түбүн рентгени тартылаарын баяндаган.
Гезит деңиздин үстүнө 8 км дата кабелин төшөгөн кеме, жиберген үн сигналдары менен деңиздин астынын фотосүрөттөрүн да тартаатрын, кеме алган маалыматтар онлайн түрдө Анкара МТАдин (Кен табуу,изилдөө башкы директорлугу) борборунда сакталаарын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Иштеген энелерге салым кошуу» деген кабарында Социалдык коопсуздук министрлигинин Европа Биримдиги колдогон 24 айга чейинки баласы болгон энелерге 36 айга чейин айлык 300 евро жардам бере турган «Үйдө бала кароо долбоору» үлгү област катары тандалган Анталья, Измир жана Бурсада ишке ашыралаарын маалымдаган.
Гезит долбоорго ылайык эне жана багуучу бир облуста болушу жана түрк жараны болушу, эненин эң көп 2500 түрк лирасынан жогору айлык албоосу шарты коюлаары, бул 3 областта эне жана бала багуучусу болуп 10 миң аял колдоого алынаарын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Азы дагы көбү дагы өмүрдү кыскартат» деген макаласында аз уйку сыяктуу талаптан ашык уктоо да ден-соолукка зыян тийгизээрин жазып чыккан.
Гезит Англиядагы илимпоздор 6 сааттан аз 8 сааттан ашык уктагандарда, эрте өлүм коркунучу жогору болгонун белгилегенин жазган. Анда 1 миллиондон ашуун кишиде жасалган изилдөөгө караганда 6 сааттан аз уктагандарда өлүм коркунучу 12 пайыз болсо, 8 сааттан көп уктагандарда 30 пайыз экендиги белгиленген.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар