Түрк басма сөзү-24.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

278923
Түрк басма сөзү-24.03.2015

«Сабах» гезити «Жергиликтүү сейсмикалык кеме деңизге түшүүдө» аттуу макаласында Түркиянын уюлдарда жана океандарда мунай зат издей турган кемеси «Туркуаз» алдыбыздагы аптада деңизге түшө турганын жазган.
Гезит кемеде эл аралык стандарттардагы бир тик учак тилкеси да бар экенин, «Туркуаз» кемесинин жээк суулары менен катар Карадеңиз, Эгей деңизи, Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактарында, океандарда жана уюл аймактарында мунай зат жана жаратылыш газ издөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуп, жана ошондой эле жер титирөө карталарын чыгаруу, климат өзгөрүшү, деңиз кирдүүлүгү, деңиздин түбүндө жашоо сыяктуу бир топ темада изилдөөнү да жасай алаарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдору 600 учкуч алат» деген маалыматында Түрк аба жолдору (THY) 2015-жылы 600 учкуч алынышы үчүн иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаганын жазган.
Гезит учкуч алынышы үчүн жасала турган roadshow иш-чарасынан бири 26-27-мартта Испаниянын борбор шаары Мадридде боло турганын, 264 учактуу жүргүнчү жана жүк флоту бар, дүйнөнүн эң мыкты аба жолу фирмасы болуп тандалган Түрк аба жолдору, жөндөмдүү учкучтарды өзүнө кошуп алгысы келгенин жарыялаганын баяндаган. Анда Түрк аба жолдорунун айрыкча 2016-жылы да 600 учкуч ала турганы маалымдалган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Дүйнөнүн алгачкы астрономия окуу жайы» деген макалада селжуктук мезгилинде Кыршехирдин эмири Нуреттин Жирил бин Жажабей тарабынан астрономия жана космос илимдерин изилдөө борбору катары салынган «Жажабей» мечити жана медресеси укмуш түзүлүшү менен көңүл бурганын белгилеген.
Гезит ЮНЕСКОнун убактылуу тизмесине алынган 800 жылдык тарыхый медресе күндүн, айдын, жылдыздардын кыймылдарын иликтеген байкоо үйү катары көп жылдар бою сакталып калганын, дүйнөнүн алгачкы астрономия окуу жайы болгон медреседе, жарылган ракета фигуралары, күн, ай жана планеталарды символдогон элементтер орун алганы, ал эми короосунда болсо байкоо кудугу, жарыктандыруу панары жана байкоо мунарасы орун алганын баяндаган.
«Стар» гезити «Түрктөрдүн 82 пайызы өз ишинин ээси болгусу келет» деген макаласында Европа Биримдигинин расмий сурамжылоо мекемеси Евробарометр жүргүзгөн сурамжылоого караганда, Түркияда демилгечилик 82 пайызга жеткенин жазган.
Гезит изилдөө туурасында маалымат берген өнөр жай жана технология министри Фикри Ышыктын, «Европа Биримдигинде өзүнүн ишинин ээси болгусу келген адамдар 37 пайызды түзсө, АКШда бул катнаш 45 пайыз, Кытайда 56, Бразилияда 63, Түркияда 82 пайыз менен эң жогору болуп чыкты» дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Түркия 11 миллиард доллардык оюн секторунда таасирдүү оюнчу болууга карай стратегия даярдайт» деген маалыматында стратегия, оюн секторуна карай шыктандыруулар, чет өлкөлүк инвестициялардын өлкөгө тартылышы, сектордо муктаждык болгон адам ресурстарынын камсыздалышы жана университет карым-катнаштары менен мыйзам өзгөрүүлөрүн камтый турганын маалымдаган. Анда Өнүгүү министрлиги тарабынан даярдалган кыймыл планына караганда оюн өнүктүрүү иштеринен баштап бул сектор колдоого алынат, керектүү кадамдар белгиленип стратегия жана кыймыл планынын формасы түзүлөөрүн жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар