Түрк басма сөзү-17.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

268558
Түрк басма сөзү-17.03.2015

«Стар» гезити «Ишкер Бүлент Эжзажыбашы:Жаңы система шарт» аттуу макаласында, ишкер парламенттик системада айрым аксоолор болгонун, демократияны негиз кылып алган жаңы бир система ойлонулса боло турганын айтканын жазган.
Гезит Эжзажыбашы холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы, жаңы Түркиянын баардык тармакта өнүгүүсүнө ылдамдык киргизиш үчүн президенттик башкаруу системасы жана жаңы конституцияга колдоо көрсөткөнүн белгилеген. Гезит анда террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процессинин да ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеген Эжзажыбашынын, экономика темасында да шайлоодон кийин ырааттуулуктун улана турганын, реформалар динамизм кошконун, жаңы ийгилик аңгемеси жазыла турганын жана кыйырда кризис көрүнбөгөнүн баса белгилегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Шахиканын эскерүү чумкуусу» деген макаласында дүйнөлүк эркин чумкуу боюнча рекордсмени Шахика Эржүмендин Чанаккале согуштарынын жүз жылдыгынан улам согуштарда чөккөн англистерге таандык ‘HMS Majestic’ кемесине эскерүү чумкуусун кылганын жазган.
Гезит Чанаккале шейиттеринин жаркын элеси үчүн аткарылган иш-чаранын алкагында Чанаккале кысыгынын 24 метр тереңдигинде кемеге чумкуган Эржүмендин түрк желегин желбиреткенин маалымдаган. Бир тараптан Чанаккале жеңишинин жүзүнчү жылында, 18-март күнү таңкы намазда 81 облус жана 957 райондун борбордук мечиттеринде бир убакта жүз миңдеген киши шейиттер үчүн дуба кылышат.
«Сабах» гезити «Цивилизациянын аракети бири-бирин муунтуубу?» аттуу маалыматында Чанаккале согушунда фронттон фронтко ат чапкан Согуш жана боштондук медалынын ээси, полковник Хасан Жевдеттин күндөлүгү жарыяланганын белгилеген.
Гезит 125 барактык күндөлүктө согуштагы айрым учурларды кыяматка окшоткон Хасан Жевдеттин сереп салуулары ушул убакка дейре сабак алгыдай мүнөздө экенин маалымдаган. Анда Жевдеттин күндөлүгүндө бул сөздөр жазылган: «Цивилизация жогорулады дешти. Маданияттуу дешкен немистер жана англичандар согуш башташты. Андан соң бүтүн дүйнө согушка кирди. Бул эмне? Цивилизациянын аракети бири-бирин муунтуубу? Бул согуш уланбайт. Тынчтык түзүлөт. Бул цивлизациянын жүзү кызарбайбы?». Полковник Жевдет күндөлүгүндө душмандын буктурмаларына киргенин, душмандын офицерлеринин абдан сонун түркчө сүйлөгөнүн, аскерлердин фронттун аркасында кантип көңүлдөрүн көтөргөнүн түшүндүргөн.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Хью Джекман: Таң заарда Стамбулду көргөндө өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай сездим» аттуу макалада Джекман ‘en Evening with Hugh Jackman’ деген көрсөтүүсү үчүн бүгүн кечинде сахнага чыга турганын билдирген.
Гезит 20-мартка чейин сахнага чыга турган Жекман маалымат-жыйынында Стамбулдан сыйкырланганын, чоң атасынын Стамбулда жашаганын, атасынын да тез-тез келип турганын айтып, түрк кофесин болсо абдан жактырганын айтканын маалымдаган. Журналисттердин суроолоруна жооп берген Джекман: «Чындап эле көрүнүп тургандайсызбы? Эч караңгы жагыңыз жокпу?-деген суроосуна «Караңгы жагым түрк кофесин ичкенде бүттү. Стамбул Босфорун көргөндө өзүмдү дүйнөнүн эң бактылуу адамындай сездим»-деп жооп берди.
«Ватан» гезити «Нооруз кийимдери көп сатылып жатат» деген маалыматында Нооруз кийимдери үчүн даярдыктар бардык ылдамдыгы менен жүрүп жатканын баяндаган.
Гезит Диярбакырда 21-мартта боло турган Нооруз майрамдоолоруна жергиликтүү кийим менен катышкысы келгендер, кийим сатылган дүкөндөргө чубай баштаганын, дүкөндөрдө эң көп Диярбакыр, Хаккари, Шырнак аймагына таандык кийимдер тандалганын, аймакка абдан көп турист келиши күтүлүп жатканын маалымдаган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар