Түрк басма сөзү 16.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

266012
Түрк басма сөзү 16.03.2015

«Стар» гезити «Генштабдын архивинен Чанаккале дастаны» деген макаласында Генштабдын төрагалыгы, интернет барагындагы тарыхтан чагылыштар бөлүмүндө Чанаккале согуштарына байланыштуу мындан мурда жарыяланбаган фотосүрөттөрдү бөлүшкөнүн жазган.

Бул фотосүрөттөр кандай шарттарда согушкандары, кыйынчылыктар жана душман армиясынын абалы тууралуу пикирлерди берип турат. Фотосүрөттөрдө 13 жаштагы ыктыярдуу түрк аскери жана согушта колунан ажыраган Мехмет Чавуштун көрүнүштөрү көңүлдөрдү бурууда.

«Йени шафак» гезити «Дүйнө Сирияга дүлөй сыяктуу мамиле кылууда» деген макаласында Газиантеп шаарынын мэри Фатма Шахин БУУнун сириялык баш калкалоочулар темасында жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатканын айтканын жазган.

Фатма Шахин: «БУУ согуштар болбосун, адам укуктары ар ким үчүн бирдей ишке ашсын деп түзүлгөн»,-деди. Дүйнөнүн бир жеринде бир киши үчүн чуркаган БУУ башка бир жерде миллиондогон кишинин үй-жайсыз калышына жана үй-бүлөсүнүн чачырашына үн катпаганын айтты. 

«Сабах» гезити «Хью Жекмандан салам Түркия» деген макаласында Оскар сыйлыгынын ээси австралиялык актер Хью Жекмандын үй-бүлөсү менен бирге Стамбулга келгенин жазган.

Стамбулда 17-20-март күндөрүнүн арасында «Бродвей» көрсөтүүсү менен көрүүчүлөрдүн алдына чыга турган Жекман Ататүрк аэропортунда журналисттер менен «Саламатсызбы Түркия» деп учурашты. Жекман түрк таттуусу баклавага абдан кызыгып жатканын айтты.

«Ватан» гезити «Ирандыктар Ноорузга келишет» деген макаласында Ирандын Эрзурумдагы башкы консулу Хүсейин Гасеми Нооруз майрамынан улам 200 миң ирандыктын Түркияга келип эс алып кетээрин айтканын жазган.

Иранда 19-марттан тарта мамлекеттик мекемелерде 5 күн, мектептерде 2 жума Ноорузга карата эс алууга чыгышат. Кышкы туризмдин маанилүү жерлеринин бири болгон жана быйылкы сезонду жакшы өткөргөн Паландөкендеги мейманканалар 21-мартта келе турган туристтер үчүн бардык даярдыктарын аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар