Түрк басма сөзү 15.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

264554
Түрк басма сөзү 15.03.2015

«Ватан» гезити «Дагы бир рафинерия» деген макаласында Түркия мунай заттары компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Бесим Шишмандын, Хатайдын Дөртйол районунда рафинерия курууну пландагандарын билдиргенин жазган.

 Бесим Шишман Түркия мунай заттары компаниясынын 2023-жылга карата стратегиялык көз карашынын алкагында Түркиянын дүйнөдөгү 10 маркадан бири болууну максаттаганын жана ушунун негизинде Дөртйолдун айланасына рафинерия курууну каалагандарын айтты. Рафинерия курула турган аймактын Жейхан портуна жакын болушу мүмкүн экенин белгилеген Шишман, ушул алкакта Түркия мунай заттары компаниясынын стратегиялык жана экономикалык мааниси артаарын сөз кылды.

«Миллийет» гезити «Норвегиялык балыкчылар үчүн 12 кеме заказ кылынды» деген макаласында 13-Эл аралык Европорт Стамбул жарманкесинде норвегия өкмөтү менен аскердик кемелер үчүн расмий сүйлөшүүлөр башталып, балыкчы кемелери менен катар 12 даана кеме заказ кылынганын билдирген.

«Сабах» гезити «Конгресс туризминин марка шаары Стамбул» деген макаласында 2014-жылы дүйнөдөгү эң мыкты конгресс шаарларынын бири болгон Стамбулда өткөн жылы 125 эл аралык конгресс өткөрүлгөнүн маалымдаган.
Стамбул соода палатасынын төрагасы Ибрахим Чаглар: «Түркия конгресстерден 328 миллион доллар киреше тапты. 2015-жыл да жакшы жыл болуп, конгресстердин саны дагы 100дөн ашат»,-деди.

«Йени шафак» гезити «23 өлкөдөн кинотасма көрсөтүлөт» деген макаласында 11-Акбанк кыска метраждуу кинотасмалардын фестивалы эртең башталаарын билдирген. 26-мартка чейин созула турган фестивалда 23 өлкөдөн 86 кыска метраждуу жана 2 толук метраждуу кинотасма тартууланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар