Түрк басма сөзү-11.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

258814
Түрк басма сөзү-11.03.2015

«Йени шафак» гезити «3 кызга байланыштуу жоопкерчилик Англияда» аттуу макаласында Түркиянын Лондондогу элчиси Абдуррахман Билгич ДАИШке катышкан 3 кызга байланыштуу күнөөлөөлөргө Англия парламентинин ички иштер комиссиясында жооп бергенин жазган.
Гезит «Англияда токтотушу керек болчу. Биринчи жоопкерчилик сизде»-деп айткан Билгичтин: «Сирияга ДАИШке кошулуу үчүн баргандары айтылган үч кыздын Түркияга келүүдөн мурда убагында жана кеңири маалыматын алган болсок, кыздарды байкоо жана табуу оңой болмок» дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Европада жикчилдик күчөдү» аттуу макаласында Австрия жана Германияда жашаган түрк тектүү мусулмандар катышкан «Европада жикчилдик изилдөөсү» аттуу сурамжылоо материктеги жикчилдиктин коркунучтуу деңгээлге жеткенин ортого салганын баяндаган.
Гезит сурамжылоого караганда ар бир үч мусулмандан экөөсү жикчилдик кол салуунун жабырлануучусу, катышуучулардын 89,9 пайызы болсо жикчилдиктин акыркы бир жылда артканын ойлоп жатканын белгилеген. Бир тараптан Германия сот чечимине карабастан жубайларды бөлүүсүн улантууда. Германиянын түрк үй-бүлөлөргө 8 жылдан бери өткөрүп жаткан тил сынагынын мажбурдуулугу Европада Адилеттик кеңешинин «керексиз» деген чечимине карабастан уланууда.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Стамбулдагы кино фестивалына 62 өлкөдөн 204 кино катышууда» аттуу макалада Стамбулдун маданият-искусство фонду тарабынан уюштурулган «34-Стамбул кино тасма фестивалы» 4-апрелден 19-апрелге чейин кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталаарын белгилеген.
Анда фестивалда 62 өлкөдөн 204 кино тасма көрсөтүлөөрү, кинолор жана режиссерлор «Алтын жоогазын» эл аралык сынагында жарышаары белгиленген. Фестиваль акысыз боло турган маектешүү, семинар кино сабактары жана атайын иш-чара менен көрүүчүлөрдүн кызыгуусун тартат.
«Хабер түрк» гезити «Солар импльс-2нин артындагы түрк аял» деген маалыматында жалгыз гана күндүн энергиясы менен иштеген Солар Импульс учагы тарыхый дүйнөлүк туруна эки күн мурда Абу-Дабиден баштаганын маалымдаган. Гезит учактын учкучтарынан Андре Боршбергдин түрк жубайы Ясемин жана кызы Эла да долбоордо орун алганын, Ясемин учаар алдында учкучтарга учуу көнүгүүсүн кылдырып, учкучтун тамактануусун байкап, медитация жасатып денесинин жана аң-сезиминин даярдалышына колдоо көрсөтөөрүн белгилеген.
«Миллийет» гезити «Minecraftка доо коюлууда» аттуу макаласында үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги компьютер оюну Minecraftтын зомбулукту камтыган бөлүмдөрүнүн балдар үчүн ылайыктуу болбогону себебеи менен айрым бөлүмдөрүнө кирүүгө бөгөт коюлушу үчүн сотко кайрылаары баяндалган.
Гезит оюндун мазмунунда үй, талаа, көпүрө сыяктуу түзүлүштөр курула алганы үчүн жаратуучулукту өнүктүргөнү ойлонулса да бул түзүлүштөрдүн кулатылбашы үчүн башка жандыктардын өлтүрүлүшү кошулгандыктан, мунун да оюндун зомбулукка таянганы негиз кылынганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар