Түрк басма сөзү-10.03.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

256297
Түрк басма сөзү-10.03.2015

«Стар» гезити «Энергетика түтүк жолу TANAPтын пайдубалы 17-мартта түптөлөт» аттуу макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын Түркияда 21 шаардан өтүп, 5 миң кишилик жумуш оруну менен камсыздай турганын, Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проекти-TANAPтын пайдубал түптөө аземинин Карста президенттер деңгээлинде боло турганын айтканын жазган.
Гезит Йылдыздын долбоор үчүн колдонула турган болот түтүктөрдүн өндүрүлүшүнүн да жергиликтүү боло турганын жана TANAPтын Европада биринчи, Дүйнөдө бешинчи орунда турган болот түтүк өндүрүшүнө да салымын кошо турганын баса белгилегенин баяндаган. Анда министрдин террордун соңуна чыгышы үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процесси аркылуу да Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында 8 мунай зат издөөчү кудуктун кайрадан ишке киргизиле турганын белгилегени маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «Борбордук банкка 8 беренелик жол картасы» деген макаласында президент Эрдоган, вице-премьер Али Бабажан жетектеген экономика жооптууларын чогултуп акыркы күндөрдүн күн тартиби болгон Борбордук банктын пайыз жана курс саясатын сүйлөшкөнүн жазган.
Гезит жыйналыштан чыккан токтомдордон эки нерсе көңүл бурганын, анын биринчиси; «Борбордук банк пайыз темасында этият болушу керек. АКШнын Борбордук банкы FED чыгара турган токтомун күтүшү зарыл», экинчиси; «Доллар аркылуу жүргүзүлгөн өйдө-төмөн өзгөртүүлөр токтотулушу керек. Доллардын төмөндөшү үчүн акча саясатынын куралдары процесске киргизилиши зарыл» деген тыянак чыкканын белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Гүл: талапкер эмесмин» аттуу макаласында он биринчи президент Абудллах Гүлдүн жакын чөйрөсүнө 7-июндагы шайлоолордо эл өкүлдүгү үчүн талапкер болбой турганын так айтканын маалымдаган. Гезит Гүлдүн улуттук жана эл аралык платформаларда керек болгон учурларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, көз карашын жарыялаган, жарандык мүнөздөгү жыйналыштарды өткөргөн мамлекеттик ишмер катары иштерин уланта турганын айтканын баяндаган.
Анда Гүлдүн өзгөчө Жакынкы Чыгыш маселелери жана Европа Биримдиги менен карым-катнаштар сыяктуу темаларда активдүү ролду милдеттениши жана сапарларды жасашы күтүлгөнү белгиленген.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Эрдоган Твиттерде эң көп байкалган лидерлерден бири» аттуу макалада Твиттерде АКШнын президенти Барак Обама 55 миллион 844 миң байкоочусу менен биринчи орунду алганы маалымдалган.
Анда 10 миллион 482 миң байкоочусу болгон Индиянын премьер-министри Марендра Модиден кийин 5 миллион 969 миң байкоочусу менен президент Режеп Таййип Эрдоган орун алганы билдирилген. Папа Франциск Эрдогандан кийин төртүнчү орунда турат. Европа лидерлеринин твиттер байкоочуларынын санында төмөндөө көрүнүүдө.
«Хабер түрк» гезити «10 миң европалык ДАИШке кошула алат» деген маалыматында Франциянын чара көрүүлөрүнө карабастан жихатчы француз жаштардын ДАИШке кошулуусуна бөгөт кое албай жатканы белгиленген. Анда Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс ДАИШтин катарына кошулган европалыктардын санынын күн өткөн сайын көбөйгөнүн жана жылдын акырында катышуунун 10 миңге жете турганын айтканы белгиленген. Батыштык чалгындоо кызматтары уюмга Европадан эң көп катышуунун Франция жана Бельгиядан болгонун алдыга койгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар