Түрк басма сөзү 08. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматар

253498
 Түрк басма сөзү 08. 03. 2015

«Стар» гезити «БУУадамдыктан чыкты» деген маалыматында Асад зулумчулугунун айынан Сириядан көчүүгө мажбур болгон миллиондогон сириялыкка ансыз да жетеринче жардам бере албаган БУУнун таң калтырган маалымат бергенин жазган. БУУнун азык – түлүк агенттиги Түркиядагы 9 качкын лагеринде баш калкалоочу болгон сирялыктарга кичинекей масштабда берген жардамды материалдык жетишсиздиктин айынан токтотту. БУУнун азык – түлүк программасынын катчысы Элизабет Борис жардам кампаниясынын Түркиянын алуусун каалашкандарын айтты.
«Йени шафак» гезити «Шайлоодон кийин капитал келет деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглунун Нью – Йоркто финансы жана инвестор чөйрөлөрү менен өткөргөн жоолугушууларына катышкан Стамбул Биржанын мурунку төрагасы Ибрахим Турхан чет элдик капитал үчүн үмүттүү сөздөрдү айтты. Давутоглунун экономика менен байланыштуу суроолорго так жооп бергенин белгилеген Турхан : «Бул жыйындардан алган маалыматтар алдыбыздагы мезгилде өзгөчө да шайлоонун артынан Түркияга олуттуу жана маанилүү капитал кыймылынын болору тууралуу»,- деди.
«Сабах» гезити «Чанаккале согушунда бир сүйүүнүн баяны : акыркы кат» деген макаласында маданият жана туризм министрлигинин материалдык жардамы менен тартылган «Акыркы кат» киносу Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгына 18 - мартта 100 өлкөдө көрсөтүлөт. Түрк киносунун эң чоң чыгармасы болгон «Акыркы кат» киносу ыктыярдуу түрдө Чанаккалеге барган жана ал жерде таанышкан бир капитан менен мед айымдын согуштун кыйын шарттарында бүчүр алган махабатын баяндайт. Бир тараптан да эч кимиси жок бир баланы караган эки сүйүшкөн, мед айымдын кызматы бүтөрүндө Стамбулга кайтуусу менен махабаттарын акыркы катта жазган.
«Хабер түрк" гезити «Түркия виллалары Гуардиандын тизмесинде» деген маалыматында «Guardian» гезитинин туристтерди кабыл алган Европанын эң кооз 40 вилласын тандаганын жазган. Түркиядан 3 вилла тизмеде, Антальянын батышында Кашка караштуу туристтик бир аймакта орун алган бир вилла саны көп үй – бүлөлөр үчүн кенен бассейиндерге жана абдан кооз көрүнүшкө ээ болгондуктан абдан ылайыктуу жер экенин белгилеген. Мармаристе Хисарөнүндөгү вилла болсо Жер Ортолук деңиз атмосферасын берген декорациясы, жашыл короосу жана бассейини менен ылайыктуу эс алуу жерин издегендер үчүн экенин, Измирдин Урла деген жериндеги оливка багы, жүзүм зары жана тынчтыгы менен макталууда.
«Ватан» гезити «Жер шарына окшогон планетадан сигнал» деген маалыматында АКШлык астрономдор 2010 – жылы табылган Giese 583d ден сигнал алышкандарын билдирди. Жер шарынан 22 жарык жылы алыстыктагы Giese 583d тууралуу ушул күнгө чейин жасалган эмгектердин жетерсиз болгонун билдирген адистер метеориттин жер шарына окшогон планета экенин ойлошууда. Адистер ушул себептен метеоритке таандык маалыматтардын кайрадан иликтенерин билдирди. Жер шарынан 2 - 3 эсе чоңдукта экени болжолдолгон Giese 583dнин турмушка жардам бере турган шарттарга ээ болушу мүмкүн экени болжолдолууда.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар