Түрк басма сөзү 7. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

252190
Түрк басма сөзү 7. 03. 2015

«Йени шафак» гезити «Гүлдүн талапкерлиги жакшы болот» деген маалыматында президент Эрдогандын 11 - президент Абдуллах Гүлдүн 7 - июнда боло турган жалпы шайлоого депутаттык талапкерлиги тууралуу маанилүү билдирүү жасаганын билдирген. Эрдоган : «Талапкерлик Абдуллах мырзанын өз оюу. Менин оюмча абдан жакшы чечим»,- деди.
Ушул эле гезит «Шайлоо старты Хаккариде» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу 7 - июнда жалпы шайлоонун стартын Хаккариден баштай турганын билдирген. Талапкер тизмеси белгилүү болгондон кийин «Бирдикте жаңы Түркия» үчүн деген ураан менен саякатын баштай турган Давутоглу 60 шаарда митинг өткөрөт. Давутоглу эртең да Мардинге барат.
«Хабер түрк» гезити «Англиянын принци Чарльз жана уулу Гарри Чанаккале аземдери үчүн келет» деген маалыматында Англиянын мураскер принци Чарльз 24 - апрелде Чанаккаледе, Чанаккале кургактык согуштарынын 100 жылдыгына арналган аземдерге уулу принц Гарри менен бирге катышарын билдирген. Президент Эрдоган Чанаккале аземдери үчүн 102 өлкөнүн лидерине кат жиберип, лидерлерди Чанаккаледен тынчтык кабарларын берүүгө чакырган.
«Сабах» гезити «Түркиянын колдоосу менен аялдар колу» аттуу макаласында Афганстанда Түркиянын жардамы менен бир гана кыз – келиндер билим ала турган университеттин курулушуна чечим чыгарылганын жазган. Афганстандын президенти Эшреф Гани борбор шаар Кабулда курулушу пландалган кыз – келиндер университети үчүн Түркиядан жардам алышкандарын баса белгилеп алдыдагы айларда бул проектини турмушка ашырышарын айтты.
«Стар» гезити «Түрк курулуш фирмасынан дүйнөлүк рекорд» деген маалыматында «Реннесанс курулуштун» Петербургда Газ- Промдун бийик имарат проектисинин пайдубалын түптөөдө 19 миң 624 метр кубдук бетон төшөөсүн 49 сатта бүтүргөнүн жазган. Ушундайча «Реннесанс курулуш» бул тармактагы дүйнө рекордун 3 миң метр куб менен ашып өткөн болду.
«Йени шафак» гезити «Аккую станциясына Франция кызыгууда» деген маалыматында Франциянын Анкарадагы элчиси Лоран Били «Франция Аккую станциясынын курулушунда Орусия менен кызматташтык түзө алат»,- дегенин жазган. Түркия менен Франциянын ортосундагы атомдук кызматташтыктын 30 жылдан бери улантылып жатканын жана 2015 - жылы 19 - январда кол коюлган атомдук энергетика келишими менен бул кызматташтыктын дагы да күчтөнөрүн баса белгиледи.
«Хүррийет» гезити «Осмондук подиумда» деген маалыматында
Англияда «3 - Кембридж стиль жумасынын» негизинде өткөрүлгөн 'Otttoman Fashion Show' аттуу мода көрсөтүүсүндө осмондук мезгилине таандык тарыхый кафтан жана кийимдер 3 - бөлүмдө көргөзмөгө чыкты. Анадолу келин көйнөктөрү, кафтандар жана акыркы бөлүмдө түрк дизайнер Ясемин Бирижиктин коллекциясы таанытылды.
Ушул эле гезит «Стамбулду Лондондо таанытышты» деген маалыматында Эмми сыйлыгынын ээси америкалык кино актер, режиссер жана продюссер Жон Малковичтин Стамбулду тема кылып алган "A Postcard From İstanbul" аттуу кыска фильмдин танытылуусун Лондодо өткөрдү. Негизги ролдорду Жулиан Сэндз менен Белчин Билгин ойногон кинонун музыкалары Илхан Эршахинге таандык.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар