Түрк басма сөзү 6. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

251450
Түрк басма сөзү 6. 03. 2015

«Стар» гезити «Отуруп алып сын айтуу оңой, Сирия үчүн А планыбыз да жок» деген маалыматында Нью – Йоркта жолугушууларды өткөргөн премьер – министр Давутоглунун Түркиянын терроризмге каршы күрөштө жетерлик колдоону бербеди деген сындарга катуу каршы чыкканын жазган. Давутоглу : «ДЕАШты 2013 - жылы террордук уюм деп жарыяладык, уюмдун конвоюн биринчи болуп биз аттык. Чек арабыздын ары жагында биздин мамлекет жок. Нью – Йоркто же башка борбор шаарларда отуруп алып сындоо оңой. Б планы мындай турсун А планы да жок»,- дегенин жазган. Давутоглу Сирия кризисинен Түркиячалык таасирленген башка өлкөнүн жок экенин белгилеп, Түркияга ушул кезге чейин 2 миллион баш калкалоочунун келгенине көңүлдөрдү бурду.
«Сабах» гезити «Чоң чатыр шаарда көркөмдүү ачылуу» деген маалыматында Шанлыурфанын Суруч районунда Кобаниден качкандар үчүн курулган 35 миң кишилик чоң чатыр шаарды президенттин жубайы Эмине Эрдоган ачты. Эрдоган : «Кобаниликтер Кобани кайрадан курулганга чейин коногубуз болушат. Согуштан эң көп балдар таасирленип жатат»,- деди. Миң гектардык аянтка курулган Түркиянын эң чоң чатыр шаарында 6 миң 500 үй – бүлө чатыры, бир мектеп, оюн жана спорт аянттары менен маркет бар.
«Ватан» гезити «Түркия кризис өлкөсү эмес» деген маалыматында премьер – министр Давутоглу Нью – Йоркто инвесторлорду Түркияга чакырганын белгилеген. Давутоглу : «Түркия ырааттуулук аралы, келечекке карата көз карашка ээ бир өлкө жана Европа Биримдиги өлкөлөрү менен ОЕСД орто эсебинен дагы чоң экономикалык өсүүгө ээ болууда»,- деди. Эч кимдин Түркияга кризис өлкөсү деп карай албаганын белгилеген премьер – министр доллардын жогорулоосу менен байланыштуу да : «Доллар дүйнөдө жогорулап жатат анын тийгизген таасири»,- деди.
«Йени шафак» гезити «Катарда түрк базасы курулууда» деген маалыматында Булуң өлкөлөрү жана Түркиянын ортосунда акыркы мезгилдерде кайрадан күч алган саясий жана экономикалык карым – катнаштар аскердик тармакка да өттү. Жакын союздашы Катар менен аскердик келишим түзгөн Түркия бир алгачкыга кол койду. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге караганда Түркия Катарда аскердик база куруу жоопкерчилигине ээ болот. Катар да Түркияга аскердик персонел жибере алат.
«Хабер түрк» гезити «Спорт менен машыккандай сезим берген гормон» деген маалыматында АКШда Түштүк Калифорния университетинде илимпоздор спорт менен машыкпастан эле спорт менен машыккандай сезим берген гормон табышкандарын билдиришкенин жазган. Иликтөөгө караганда бул гормон арыктоого жардам берип жана кан шекеринин деңгээлин тең салмактап турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар