Түрк басма сөзү 2.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

244178
Түрк басма сөзү 2.02.2015


«Сабах» гезити «Республикачыл мүчө армян лоббисине каршылык көрсөттү» деген макаласында 1915-жылдагы окуялардын жүз жылдыгында армян дооматтарын жактырган долбоорду АКШ Конгрессинен өткөрүүгө аракет кылган армян лоббисине Республикачыл мүчө Билл Шустердин каршылык көрсөткөнүн жазган. Шустер өткөн жумада долбоорго кол койгон конгресс мүчөлөрүнө кат жазып: «Ошол мезгилде каза болгон 2 миллион Осмон жараны да эске салынышы зарыл. Бул мыйзам долбооруна демөөрчү болбошуңуз керек»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «ТИКА менен Улуттук китепкананын ортосунда кызматташуу» деген макаласында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен Улуттук китепкананын ортосунда Түркия менен тарыхый, географиялык, маданий байланыштарга ээ өлкөлөрдөгү ташууга боло турган маданий байлыктардын инвентарын чыгаруу үчүн кызматташтык келишимине кол коюлганын маалымдаган. Келишим чыгармалардын түпнускасын басып чыгаруу, жаңылоо, коргоо, ушул темада билим берүү, кызматташтык түзүлгөн өлкөлөргө китеп жөнөтүү сыяктуу темаларды да камтууда.
«Йени шафак» гезити «Европа Мусулман калкына кабатыр» деген макаласында Австрияда кабыл алынган «Ислам мыйзамына» байланыштуу сереп салган Стамбул университетинин медицина илимдери факультетинин деканы профессор Кадир Жанатан Европанын Мусулман калкына кабатыр болуп жатканын айтканын жазган. Жанатан: «Европа Исламды өз аймагына, маданиятына таандык түшүнүк катары кабыл албайт. Өзгөчө көч кыймылдары аркылуу барган сайын көбөйгөн Мусулман калкын жактырбай жатат»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар