Түрк басма сөзү-26.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

239072
Түрк басма сөзү-26.02.2015

«Сабах» гезити «Мунапыс Уюму Эрдогандын айтканын ырастады. БУУ кызыкчылык үчүн иштеп жатат» аттуу макаласында Эл аралык Мунапыс Уюму Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин Сирия, Ирак, Палестина, Израиль жана Украина сыяктуу өлкөлөрдөгү кризистер менен алп урушууда ийгиликсиз болгонун жарыялаганын жазып чыкты.
Гезит Эл аралык Мунапыс Уюмунун «Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы» аттуу отчетунда БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ,Орусия,Кытай,Англия жана Франциянын өз саясий кызыкчылыктарын жарандардын корголушунан жогору койгонун белгилегенин маалымдаганын белгилеген.
Анда президент Эрдогандын бир топ сөз сүйлөөсүндө жалгыз эле 5 өлкөнүн чечим чыгаруусу жаңылыш экендигин айтканын маалымдаган.
«Стар» гезити «ДЕАШка бараткан англис куралына кылмыш иши козголот» аттуу маалыматында ДЕАШ террордук уюмга курал ташыган 2 англис учагы Иракта атылып түшүрүлгөнүн жазган.
Гезит Ирак парламентинин улуттук коопсуздук жана комитетинин башчысы Хакем аль-Замели дүйнөнүн үрөйүн учурган окуяны түшүндүргөнүн белгилеген.
Анда Замелинин: «Эки англис учагы Эл-Анбар аймагында атылды. Аймактын калкы жана аскерлерибиз учактардын ичинде англис желектери болгонун тастыктады. Бул темада Англиядан ачыктоо талап кылынды»-дегени баяндалган.
«Хабер түрк» гезити «Сирия террор лабораториясына айланды» деген макаласында Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр: «Биз башынан бери Сирияга кийлигишпесе абдан чоң маселеге айланып аймакка жана дүйнөнүн ырааттуулугуна зыян тийгизет дегенбиз. Ошондой эле болду»-дегенин баяндаган.
Гезит Бозкырдын Сирияга тийиштүү чаралар көрүлбөсө Асад режими менен оппозициянын ортосундагы маселелердин бара-бара Хизбуллах, ДАИШ, Аль-Каида сыяктуу террордук уюмдарды да ичине камтый турганын айтканын маалымдаган.
Анда Бозкырдын: «Сирия эми бир топ өлкөнүн тышкы саясатын белгилеген абалга айланды. Жаңы террордук уюмдардын жаңы кыймылдарды сынаган лабораториясына айланды»-дегенине орун берилген.
«Ватан» гезити «Уруш күчөдү» деген маалыматында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун АКШнын Иран менен жүргүзгөн атомдук сүйлөшүүлөрүндө келишим түзүү ыктымалдуулугун жоюуну максаттаган сөз сүйлөөсүнө каршы чыгуулар күчөгөнүн жазган.
Анда Ак үй Нетаньяхунун келээрки аптада Америка Конгрессинде жасай турган сөз сүйлөөсүнүн алдында Израилге карай сындоосун күчөткөнү белгиленген жана ошондой эле АКШнын президенти Барак Обаманын улуттук коопсуздук кеңешчиси Сьюзан Райс Нетаньяхунун шейшемби күнгө пландаган когресс сөзүнүн Вашингтон-Тель-Авив багытында карым-катнаштарга зыян тийгизе турганы боюнча эскерткени белгиленген.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Уламыштар жолукту» аттуу макалада Стамбулдун ар түрдүү маданияттарын жана ишеничтеринен турган 400 уламышы бир китеп болуп чыкканы белгиленген. Стамбул мэриясы даярдаган «Стамбул уламыштары» аттуу китеп Византиядан Осмондукка чейин, Осмон империясынан Республикага чейинки процессте шаардын мифологиялык баатырларына, сырдуу устундарына, синагога, чиркөө,мечиттерине, сарай, суу чорго жана үйлөрүнө таандык уламыштар орун алган 12 баш сөздөн турат. Китеп алгач ирет CNR китеп жарманкесинде окурмандарына сунушталат. CNR китеп жарманкеси 27-февралдан 8-мартка чейин Стамбулдун CNR ЭХПОсунда өтөт.
«Хүррийет» гезити «Жылдын долбоорчусу Эрдем» аттуу макаласында Лондон мода жумалыгынын жабылыш күнүндө Elle стиль сыйлыктары ээлерин тапканын жазган.
Гезит Sky Gardensте өткөрүлгөн аземде түрк модачы Эрдем Моралоглу жылдын долбоорчусу сыйлыгын алганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар