Түрк басма сөзү-25.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

236734
Түрк басма сөзү-25.02.2015

«Стар» гезити «Мусулмандар көчөгө чыгууда» аттуу макаласында Европада мусулмандарга каршы пайда болгон жаман ойлорду жоюу, ислам жана мусулмандарга байланыштуу кызыгууларды батыш коомчулугу менен бөлүшүү үчүн ислам коомчулугу көчөлөргө чыгаарын жазган.
Гезит 28-февралда боло турган иш-чарада батыш коомчулугу менен байланыш түзүлөөрүн белгилеген.
Гезит эки тараптуу коркунуч жана жаман ойлордун жоюлушун максаттаган иш-чараларда эмпатиянын күчтөндүрүлүшүнө аракет кылынаарын, Германия,Нидерландия,Франция,Австрия,Дания сыяктуу Европанын бир топ өлкөсүндө коомдук пикирге ачык аянттарда боло турган иш-чарага катышкандарга бирден гүл тапшырылаарын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Пайыз төмөндөтүү оң бирок жетишсиз» аттуу макаласында Борбордук банктан келген чектелген пайыз төмөндөтүүдөн кийин премьер-министр Ахмет Давутоглу пайыздардын төмөндөө трендинде болушунун маанилүү жана мунун түрк экономикасынын бекемдигинин көрсөткүчү экенин айтканын баяндаган.
Гезит Давутоглунун пайыз төмөндөтүүнүн жетиштүү болбогонун, дагы көп төмөндөтүү жасалышы керектигин баса белгилеп, «Дүйнөдөгү турак жай бааларындагы жогорулоолор, түрк саясатындагы жана экономикасындагы ырааттуулук, инфляциянын да төмөндөө трендине киришинин себебинен биздин күтүүбүз дагы көп пайыз төмөндөтүүнүн жасалышы багытында»-деп айтканын белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөлүк банктан Түркия тууралуу маанилүү маалымат: Анадолу кабыландарды таң калтырат» аттуу макаласында Дүйнөлүк банктын Түркия боюнча директору Райзер акыркы 2 жылда Түркияга жеке менчик сектор, банкчылык, билим берүү, саламаттык сактоо, байланыш жана турак жай секторлорунда жетишилген ийгиликти байкоо үчүн арасында Тайланд жана Мавритания да орун алган 25тен ашуун өлкөдөн өкүлдөр келгенин айтканын белгилеген.
Анда Түркиянын үч жылда өнүккөн өлкөлөрдүн арасына кире турганын баса белгилеген Райзер: «Түрк шаарлары дүйнөдө эң ылдам өскөн метрополдордун арасында, Анадолу кабыландары деп аталган шаарлар болсо чоң бурулушка ээ»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «Өндүргөн академикке колдоо келет» деген макалада «Жогорку окуу жай мекемеси илим жана технология өндүргөн академиктерди шыктандыруу төлөмдөрүн жасай турганын белгилеген.
Анда академиктер эң көп баллды эл аралык патент жана регистрациялар үчүн алышаары, бул Жобонун долбоору 6-марттан кийин Министрлер кеңешинин бекитүүсүнө сунушталаары маалымдалган.
«Стар» гезити «Түрк эркектери Европа чемпиону» деген маалыматында бир кредиттик карточка фирмасынын 17 өлкөдө жүргүзгөн изилдөөсү, соодасын жубайы жана энелери үчүн жасаганы божомолдонгон түрк эркектеринин өзгөрүүсүн ортого салганын белгилеген.
Гезитте изилдөөгө караганда түрк эркектери соодада аялдарды жана европалык эркектерди артка калтырганын, аялдар дагы көп соода кылганына карабастан дагы аз каржылаганы, эркектер болсо соодада дагы жоомарт мамиле кылаары орун алган.
«Милллийет» гезити «УЕФА Гөкчек жана Чакырга маанилүү милдеттерди жүктөдү» аттуу макаласында УЕФА, ФИФА кокарттуу түрк калыстар Жүнейт Чакыр жана Хүсейин Гөкчекти УЕФА Европа лигасынын оюндарын башкарууга милдеттендиргенин жазган.
Анда Чакыр Орусиянын Зенит жана Нидерландиянын ПСВ Эйндховен командаларынын ортосунда эртең Санкт-Петербургда ойноло турган экинчи тур реванш беттешүүсүн башкараары, ал эми Хүсейин Гөкчек болсо Италиянын Фиорентина менен Англиянын Тоттенхэм командаларынын ортосунда эртең боло турган Флоренциядагы экинчи тур реванш оюнунун башкараары орун алган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар