Түрк басма сөзү-24.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

230763
Түрк басма сөзү-24.02.2015

«Сабах» гезити «Түркиянын күчүн дүйнөгө көрсөттүк» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын:«Сирияда ата мурасы «Сүлейман Шах» күмбөзү жана ал жердеги аскерлерибизди бизге каршы шантаж катары колдонгусу келгендердин оюнун буздук»-деп айтканын баяндаган.
Анда «Шах Фырат» операциясы менен тарыхка даңазалуу барак ачтык деген премьер-министр Ахмет Давутоглунун болсо Түркиянын үч кызыл сызыгын мындай тизмелеп бергени орун алды: Биринчиси дүйнөнүн ар тарабында атуулдарыбызды коргоо биздин эң улуу милдетибиз. Экинчиси мурасыбызды коргойбуз. Үчүнчүсү бир карыш жерибизди бербейбиз.
«Хабер түрк» гезити «Эрбилге 500 миллион доллардык карыз берилди» аттуу макаласында Түндүк Ирак аймактык башкаруусунун премьер-министри Нечирван Барзани Багдаддан ала албаган колдоону Анкарадан тапканын жазган.
Гезит өткөн аптада Анкарада президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууга келген Барзани кызматкерлердин айлыктарын төлөй алуу үчүн Түркиядан карыз алганын маалымдаган. Анда карыздар Анкарага мунай зат менен төлөнөөрү же болбосо Аймактык башкаруу накталай төлөп береери орун алган.
«Стар» гезити «Либерман: «Газалык камактагылар өлүм жазасына тартылсын»-деди» деген маалыматында Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либермандын палестиналык камактагылардын эркин кое берилишин сынга алып, «биздин негизги маселебиз аларды эркин кое берүүбүз жана Хамасты түп тамырынан жоюу буйругун бербөөбүз»-дегенин баяндаган.
Анда Хамастын тышкы байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Усаме Хамдан болсо Европада Палестина доосуна карай улам артып бараткан симпатиянын Израилдин тынчын алганын жана еврей мамлекетинин Европадагы акыркы кол салууда үлүшү болгонун айтканы белгиленген.
Гезит Газада адамзаттык абалдын оордугун да түшүндүргөн Хамдандын бир канча күндүн ичинде көпчүлүгү аял жана балдардан турган миң кишинин ооруканага жаткарылганын айтканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезитинде жарык көргөн «Чет өлкөлүк инвестор жарышы уланууда» аттуу макалада Түркия акыркы 12 жылда бардыгы 162 миллиард доллардык түздөн-түз чет өлкөлүк инвестицияны тартып өсүү, жумуш менен камсыздоо жана экспортто чоң киреше тапканын белгилеген.
Гезит 2003-2013-жыдар аралыгында орто эсеп менен 150 миллиард доллардык түздөн-түз чет өлкөлүк инвестиция тарткан Түркия, 2014-жылы да чет өлкөлүк инвестицияны тартуусун улантаарын баяндаган. Гезит борбордук банк жогору кармаган пайызга карабастан Түркияга өткөн жылы 12 миллиард 143 миллион доллардык эл аралык түздөн-түз инвестиция киргенин белгилеген.
«Миллийет» гезити «Баалуу заттар боюнча жолугушуу 12-мартта» деген макаласында Түркиянын баалуу заттар тармагы Эл аралык Баалуу заттар көргөзмөсүнө даярданып жатканын билдирген.
Гезит жарманке 12-15-марттын арасында Стамбул CNR Expoдо болоорун маалымдаган. 30 жылдан бери уланган жарманке быйыл кыркынчы жолу каалгаларын ачып жатканын жана өткөн жылкы жарманкеде 1250 фирма жана 11 өлкөдөн 40 миңден ашуун киши келгенин, жарманке март жана октябрь айында жылына эки жолу уюштурулганын, бул тармактын экспортунун 80 пайызы ушул жарманке аркылуу жасалганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Стамбулда үчүнчү тоннель өткөөлүнүн багыты такталууда» деген маалыматында Мармара жана Евразия тоннелинен кийин Стамбул кысыгына салына турган үчүнчү тоннель өткөөлү долбоорунун кеңири маалыматы жума күнү жарыялана турганын белгилеген.
Гезит президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглунун да катышуусу менен жарыялана турган долбоордун, дүйнөдө окшошу болуп же болбогону, көлөмү, багыты сыяктуу көп сандаган өзгөчөлүктөрү жарыяланаарын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар