Түрк басма сөзү 23.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

228842
Түрк басма сөзү 23.02.2015


«Хабер түрк» гезити «Сүлейман Шахка операция жүргүзүү чечими өткөн айда чыккан» деген макаласында өкмөт башчы Ахмет Давутоглунун Сириядагы Сүлейман Шах күмбөзүн коргоо процессин айтып бергенин жазган. Давутоглу: «Кагылышуулар күчөгөндүктөн чара көрүү буйругун бердик. Эч бир органдан уруксат алынган жок. Жардам талап кылынган жок. Бул чечимди өкмөт чыгарды. Президентибиз бекитти. Күмбөз операция аяктаганга чейин кайтарылды»,- деди. Сүлейман Шах күмбөзүн ДЕАШ коркунучунан куткаруу үчүн танка, брондолгон унаалар жана 572 аскер менен Сирияга кирген Түрк куралдуу күчтөрү операцияны аяктап желекти жаңы ордуна асты.
«Йени шафак» гезити «Тарыхый учур» деген макаласында күмбөздүн жаңы орду Сириядагы Эшме айылы боло турганын жазган. Эшмедеги бир аймак көзөмөлгө алынды. Эки өрөөндүн ортосунда жана коргоого ыңгайлуу аянтта орун алган бул айыл атайын тандалды. Аймакта Түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу аскердик бөлүк да бар. Түрк куралдуу күчтөрү күмбөз үчүн долбоор иштерин баштады. Түркия операциянын алдында күрт топторду жана ДЕАШты эгерде кол салуу болуп же бөгөт коюла турган болсо катуу каршылык көрсөтүлөт деп эскерткен.
«Сабах» гезити «Эрдогандын кыялы болгон жергиликтүү унаа өндүрүлдү» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган илимий жыйындарда көп сөз кылган «жергиликтүү унаанын» Стамбулдагы Өнүгүү университетинде чыгарылганын билдирген. Ушул тармакта эмгектенген кызматкерлер жана студенттерден турган топ университеттин өз мүмкүнчүлүгү менен алгачкы жергиликтүү жана альтернативдик энергиялуу унаа өндүрдү.
«Стар» гезити «Европага медицина сабагын берип жатабыз» деген макаласында Түркияда медицина тейлөөсү жана билим берүү тармагы барган сайын өнүгүп баратканын билдирген. Ооруканаларда роботтук хирургия менен көптөгөн тармакта ийгиликтүү операцияларды жасаган хирургдар, ушул тажрыйбаларын коңшу жана Европа өлкөлөрүндөгү кесиптештерине үйрөтүп жатышат. Ажыбадем университетинин Маслак ооруканасында эмгектенген проф. доктор Алия Рыза Курал Испаниядан келген 80 уролог үчүн сабак берди. Түрк профессор робот технологиясы колдонулуп жасалган операциялар тууралуу да маалыматтарын бөлүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар