Түрк басма сөзү 16.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

219700
Түрк басма сөзү 16.02.2015


«Йени шафак» гезити «Түркиянын жардамдары дүйнөдөгү өлкөлөрдөн 17 эсе көп» деген макаласында Түркия сириялык баш калкалоочуларга дүйнөдөгү өлкөлөрдөн 17 эсе көп жардам көрсөткөнүн жазган. БУУнун жардам уюмдары, Кызылай жана Кызыл крест коомдору, Европа өлкөлөрү, Эл аралык жарандык коомдук уюмдар жана башка өлкөлөрдүн көрсөткөн жардамдары 302 миллион доллар гана болсо, Түркия жалгыз өзү 5 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөттү.
Ушул эле гезит «ТИКАдан жыл сайын 2 миң долбоор» деген макаласында 120 өлкөгө ар түрдүү долбоорлору менен колдоо көрсөткөн Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) муктаждыгы бар жана жардам талап кылган өлкөлөргө дин, тил, раса дебестен жардам көрсөтүүгө аракет кылганын жазган. Быйыл ар башка аймактарда дагы 10 жаңы кеңсесин ачууну пландаган ТИКА жыл сайын 2 миңден ашуун долбоорду ишке ашырууда. ТИКАнын эң маанилүү долбоорлорунун башында айыл-чарба жана коопсуздук билим берүүгө көрсөткөн колдоосу турат.
«Хабер түрк» гезити «Дүйнөнүн 1 жылдык муктаждыгын камсыздагыдай жаңы көмүр таптык» деген макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз Түркиянын акыркы 11 жылда 11 башка жергиликтүү көмүр шахтасына ээ болгонун белгилеп: «Түркия жаңы 7 миллиард тонналык резерв тапты. 7 миллиард тонна дүйнөнүн 1 жылда колдонгон көмүр көлөмүнө барабар»,- дегинин жазган.
Министр Йылдыз түрк жана чет элдик инвесторлорду Түркияда жергиликтүү шахталарды иштетүүлөрү үчүн шыктандыруучу иштер жүрүп жатканын айтты.
«Ватан» гезити «Фордго түрк кол тамгасы» деген макаласында европалык кардарлар үчүн өндүрүлө турган жаңы Форд үлүгүлөрүнүн долбоорлоосу бир түрккө аманат кылынганын жазган. Форд Европанын долбоорлоо директорлугуна Мурат Гүлер дайындалды. Жаңы Мондео үлгүсүн долбоорлогон Гүлер бул жолу Фиеста менен Фокусту жаңылайт. Фокустун ички дизайнын да бир түрк жасайт.
«Стар» гезити «ЮНЕСКО аракети» деген макаласында Аполлон храмы, Ильяс Бей комплекси жана коргоого алынган Милет жайын камтыган Эгейдин тарыхый жана туристтик борборлорунан Айдындын Дидим районунун ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирүүсү үчүн иш-чаралардын жүргүзүлүп жатканын билдирген. Дидим районунун соода палатасы ушул тарыхый үч жай үчүн ЮНЕСКОго кайрылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар