Түрк басма сөзү-12.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

217282
Түрк басма сөзү-12.02.2015

«Сабах» гезити «Президенттик башкарууга 54,5 пайыз, жаңы конституцияга да 65 пайыз макулдук» аттуу макаласында МАК кеңешчилик жүргүзгөн Түркиядагы коомдук пикирди изилдөөдөн чыккан жыйынтыкты жазган.
Гезит шайлоочунун жарымынан ашыгы президенттик системага өтүлүшүн каалаганын белгилеп, элдин көпчүлүгүнүн да жаңы конституция түзүлүшүн каалагандары боюнча жыйынтык чыкканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Исламофобик кыргын» деген маалыматында батышта өкмөттөр жана медиа күүлөгөн исламофобия, АКШда жырткычтай кыргынга себепчи болгонун белгилеген.
Гезит Түндүк Каролина штатында үч мусулман бала үйлөрүндө куралдуу кол салуудан каза табышканын, АКШ бийлиги жана медиасы үч маймыл жасакерлигин кылып аны көрмөксөнгө салганын, киши колдуу курман болгон Юсор Деах жана Разандын социалдык медиадагы барактары жардам кампаниясына толгонун жазып чыккан.
Анда палестиналык жана сириялык балдар үчүн кампания уюштурган үч жигит 75 үйсүз АКШлыкка да жардам бергени, алардын достору фейсбукта «Биздин үч баатырыбыз» аттуу барак ачканы жана кылмышка жетиштүү каршылык көрсөтпөгөн батыш медиасы болсо сынга кабылганы белгиленген.
Ушул эле окуяга «Стар» гезити «Эки жүздүү Шарлилер» деген тема койсо, «Сабах» гезити «АКШ үн катпай калган кыргын», «Хабер түрк» гезити «Мусулман атылганда кабар чыкпайт» темаларын коюшту.
«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «7 жылдын рекорду» аттуу макалада Түркияда автомобиль өндүрүшү 2015-жылы 37 пайыздык өсүү менен башталганын жазган.
Анда өндүрүү 103 миң менен 7 жылдын эң жакшы январь айынын ийгилигин көрсөткөнү, автомобиль өндүрүү 83 пайыз артса, экспорттогу өсүү январда 57 пайыз болгону белгиленген.
«Сабах» гезити «Жакынкы Чыгышка саламаттык сактоо өткөрүүсү» аттуу кабарында престиждүү медицина журналы «Селлдин» тышкы бетине генетикалык эмгектери менен чыккан Стамбулдун Бируни университети Жакынкы Чыгыштын саламаттык сактоо секторуна кире турганын жазган.
Гезит ректор, проф.Аднан Йүксел Сириядан баштап Ирак жана Иранда үч жылдын ичинде саламаттык сактоо тейлөөсүн баштай тургандарын айтканын баяндаган.
Анда университеттин саламаттык сактоо программаларын да бул өлкөлөргө сатууну ойлогону, университеттин максаты саламаттык сактоо жаатында толук жабдылган түрдө дүйнөгө үлгү болуу үчүн кабыл алынуу экендиги орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Түркиянын эң мыктысы Арда Туран» аттуу макаласында Ардаманиа европаны курчап алганын, француздар анализ кылып, нидерландиялыктар улуттук футболчубуз туурасында сурамжылоо жарыялаганын, испан футбол клубу Атлетико Мадридде атайын трибунасы болгон Арда Турандын ийгилиги европада жаңырыгын улантып жатканын маалымдаган.
Анда Франциянын «So Foot» журналы Арда тууралуу атайын барак даярдаганы, нидерландиялык интернет барагынын «Арда келип өткөн эң мыкты футболчубу?» деген сурамжылоого 85 пайыз «ооба» деген жооп берилгени орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар