Түрк басма сөзү-5.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

212002
Түрк басма сөзү-5.02.2015

«Миллийет» гезити «Эртугрул фрегатынан чачылган акчалар табылды» аттуу макаласында Япониянын императору Мэйдзиге барып келе жатканда 1890-жылы Тынч океанда 550 деңизчиси менен чөккөн «Эртугрул» фрегатын казуу жана чыгаруу иштеринде кеменин кассасынан төгүлгөн Япония, Англия жана Гонгконгго таандык алтын, күмүш жана коло акчалар табылганын маалымдаган.
Гезит эч кандай чөгүндү табылбаган аймакта табылган акчалар көргөзмөгө коюлушу үчүн Кушимото шаарындагы түрк музейинин жооптууларына тапшырылганын жана кассанын табылышы үчүн суу астындагы издөө иштери уланганын жазган.
«Стар» гезити «Министр Ышык: куралдарыбыздын информатикалык программасын өзүбүз өндүрөбүз» деген маалыматында илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык университеттер менен өнөр жайдын сөзсүз активдүү кызматташтык кылышы керектигин айтканын жазган.
Гезит акыркы убакта өзгөчө коргоо өнөр жайында чоң жолду басып өткөндөрүн түшүндүргөн Ышык: «Мунун мотор күчү да университеттер жана өнөр жайыбыз болду. Мына эми бүтүндөй индустрияда муну аткаруубуз зарыл»-деп айтканын баяндаган.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «9 миң 915 кишинин Түркияга кирүүсүнө тыюу салынды» аттуу макалада тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглунун Ирак жана Сирияга өткүсү келген чет өлкөлүктөргө байланыштуу, «9 миң 915 кишинин Түркияга кирүүсүнө тыюу салынды»-дегенин жазган.
Гезит Ирак жана Сирияга өткүсү келген чет өлкөлүк согушкерлерге бөгөт коюу боюнча Түркия жана башка өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтык күчтөнгөнүн түшүндүргөн Чавушоглу, Түркиянын чек арадан чыгарган бирөөлөрдүн көзөмөлдө кармалышы үчүн тийиштүү өлкөлөрдүн чара көрүшү керектигин сөз кылганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Мына Эрдогандын президенттик системасы» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын шайлоо баяндоосунда орун бере турганы айтылган президенттик системасы тууралуу иштер уланууда экенин жазган.
Анда «Түркияга таандык президенттик модели» деп аталган моделде; мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактары бири-биринен ажыратылат. Системанын деталдарында; «президент, жумурият башчысы» деген сыпаттын ордуна «Мамлекет башчы» деген сыпат берилет. Аткаруу укугу мамлекет башчыда болот. Түркия Республикасын жана түрк улутунун биримдигин өкүлдүк кылат»-деген сөздөр орун алган.
«Акшам» гезити «ЕБнин Түркияны мүчө кылбай кою сыяктуу мүмкүнчүлүгү жок» деген макаласында АКШнын борбор калаасы Вашингтонго барган Европа Биримдиги боюнча министр Волкан Бозкыр, учурубузда Түркиянын көрсөткүчтөрүн алып карай турган болсок экономикалык жактан үч эселенген өлкө болгонун эске салып, «Түркиянын 2023-жылы 2 триллион доллардык өлкө боло турганын айтканыбызда», «500 миллиард доллар экспорту болгон өлкө болот» дегенибизде, «киши башына түшкөн киреше 25 миң доллар болот» дегенибизде эми эч ким мыйыгынан күлгөн жери жок. Мунун тескерисинче Түркиянын буларды аткара турганына ишенүү жогорулады»-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар