Түрк басма сөзү 4.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

211296
Түрк басма сөзү 4.02.2015

«Миллиейт» гезити «Банк Азияда Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондунун доору башталды» аттуу макаласында Банктарды жөнгө салуу жана текшерүү мекемесинин өнөктөштүк түзүлүшү ачык болбогону себеби менен Банк Азиянын үлүштөрүнүн 63 пайызын Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондуна (TMSF) өткөрүүгө чечим чыгарганын жазды.
Гезит банктын башкаруучулугун Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондунун өткөрүп алышынан кийин жооптуулар банктын борборунда иликтөө жүргүзгөндөрүн баяндады. Ошону менен бирге Банк Азиянын банкчылык иштери улана бере турганы жарыяланды.
«Йени шафак» гезити «Дүйнө Түркиянын ийгилигин түшүнөт» аттуу кабарында 2016-жылы Стамбулда өтө турган «Дүйнөлүк гуманитардык жардам саммитинин» алдын ала даярдык жыйындарынын Венгриянын борбор шаары Будапештте башталганын билдирген.
Гезит саммиттин башкы катчысы Др.Жамилах Махмуддун Сирия кризиси менен бирге Түркиянын көрсөткөн аракеттерин мактап, «Түркиянын адамзаттык кризистердин алдында тажрыйбаларын көрдүк. Стамбул саммити менен бүткүл дүйнө Түркиянын ийгилик аңгемесин дагы жакшы түшүнөт»-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Арабдар инвестициясын улантууда» деген маалыматында өткөн жылы чет өлкөлүктөрдүн Түркиядан 8 миллион чарчы метрдик кыймылсыз мүлк сатып алгандарын белгилеген.
Гезит сауд аравиялыктар 1,5 миллион чарчы метр менен немистерди да артта калтырганын жана Булуң өлкөлөрүнүн үлүшү 35 пайызга чыкканын маалымадаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Элес кеме арабдарды сыйкырлады» аттуу макалада түрк инженерлери тарабынан курулган Деңиз күчтөрүнүн радарга кармалбаган технологиялык кемеси TCG Бүйүкада фрегатынын Сауд Аравияда чоң кызыгуу тартканын жазган.
Анда булуң өлкөлөрү менен карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнө салым кошуу максатында аймак өлкөлөрүнүн Деңиз күчтөрү менен машыгуу жана билим берүү иш-чараларын жүргүзө турган «Элес» деп аталган кеменин каракчылык менен күрөшүүдө милдет өтөй турганы белгиленген. Гезит кеменин Сауд Аравиядан кийин Кувейт жана Пакистанга бараарын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Түрк илимпоздорунун толкундантуучу ойлоп табуусу» аттуу макаласында Ушак университетинде волкандык жарча болгон перлит колдонулуп ракка себепкер болгон зыяндуу күн нурларынын 98 пайызын сүзүп өткөзгөн кездеме түрү өндүрүлгөнүн билдирген. Ал кездемеден кол чатыры, пардо жана кийим да тигилмекчи.
«Йени шафак» гезити «Улудагдан сноуборд жылдыздары өтөт» деген маалыматында кыш туризминин көздөлгөн жери Улудагдын 4-10-февралдын арасында Түркиянын алгачкы сноуборд турнирин өткөрө турганын жарыялаган.
Гезит дүйнөдөгү жергиликтүү жана чет өлкөлүк бир топ профессионал сноубордчулар катыша турган турнирде, сноуборд сүйүүүчүлөрүнүн дүйнөлүк жылдыздардан билим алуу мүмкүнчүлүгүн да карагандары белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар