Түрк басма сөзү 2.02.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

206259
Түрк басма сөзү 2.02.2015


«Акшам» гезити «Түрк агымына жаңы сунуш» деген макаласында Орусиянын «Түштүк агымды» жойгондон кийин сунуштаган «Түрк агымы» долбооруна карата иш-чаралар уланып жатканда «тууган өлкө багыты» күн тартибине коюлганын жазган.
Эл аралык энергетика экономикасы биримдигинин төрагасы профессор Гүркан Кумбароглу Түрк агымы түтүк жолунун Фракиядан кийинки бөлүмүндө Македония, Косово жана Босния-Герцеговина сыяктуу өлкөлөргө чейин узартылышы мүмкүн экенин айтты.
«Стар» гезити «Ирактан түрк банктарына чакыруу» деген маалыматында көлөмү 2 триллион лирага жеткен түрк банкчылык секторуна чакыруу келип жатканын билдирген. Коңшу өлкөлөр түрк банктарынын өлкөлөрүндө кеңсе ачып финансы секторунда жол көрсөтүүсүн каалап жатышат. Түркиянын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгон коңшу өлкө Ирак да түрк финансы секторунун эшигин чертти.
«Миллийет» гезити «Түркия альбинос айылын курууда» деген кабарында дүйнөдөгү эң жакыр 25-өлкө Танзанияда жаман мамиле көргөн альбиносторду жашатуу үчүн аракет кылып жаткан Түркиянын Дар-эс-Саламдагы элчиси Али Давутоглунун жубайы Йешим Давутоглу Түркия 500 альбинос бала баш калкалай турган айыл курууда»,-деди.
Түркия-Танзания жардам фондунун демилгеси менен ишке аша турган долбоор аркылуу түрк инженерлер жана жумушчулардын салышы пландалган айылда 500 альбинос бала кайрадан жашоого умтулат. Йешим Давутоглу Түркиянын аброюн көтөргөн бул иш-чаралар дипломатиялык карым-катнаштарды да өнүктүрө турганын баса белгиледи.
«Хабер түрк» гезити «Спорттук туризмден 900 миллион доллар киреше түштү» деген макаласында, Түркиянын саякат агенттиктери биримдигинин 2014-жылдагы спорттук туризм көрсөткүчтөрүн жарыялаганын жазган. Буга караганда өткөн жылы спорттук иш-чаралардын максатында Түркияга келген 550 миңден ашуун турист 900 миллион доллардан ашуун акча сарптаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар