Түрк басма сөзү 30. 01. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

202540
Түрк басма сөзү 30. 01. 2015

«Стар» гезити «Эрдоган : сурай турган болсоңуздар Армениянын ордун көрсөтө алышпайт» деген маалыматында президент Эрдоган армян кыргыны тууралуу дооматтарга байланыштуу чакыруу жасаганын жазган. «Армян диаспорасы баш – аламан кылууну улантууда. Түркия менен күрөшүүнү, чыр – чатактын ичинде бул процессти улантууну каалап жатат. Бирөөлөрдүн сурануусу менен биз армян кыргынын кабыл алууга мажбур эмеспиз. Бул ишти тарыхчыларга, документтер менен иштешсин, отчетторун бизге билдиришсин, андан кийин саясатчылар катары биз да столго отуралы»,- дегенин билдирген.
«Акшам» гезити «Түркия болбогондо Еш Шебаб жеңилүүгө учурабас эле» деген макаласында Африкага жасаган иш чаралары менен дүйнөнүн көңүлүн бурган Түркиянын Сомалиге берген жардамдары Европада да күн тартибинин негизги темаларынын бири. Түркия эң көп жардам берген Африка өлкөлөрүнүн бири болгон Сомалинин мамлекет башчысы Хасан Шейх Мухаммед Швейцарияда чыккан «Neu Züricher Zeitung» гезитине интервью берди. Анда Түркиядан мактоо менен сөз кылган Мухаммед : «Өкмөткө каршы согушкан Еш Шебабды Түркиянын жардамы менен жеңдик. Өлкөдө бир гана түрк адис жардамчылар кала алат»,- деди.
«Ватан» гезити «Дүйнө сөз кылган лидер Фракиялык болуп чыкты» деген макаласында Грецияда жалпы шайлоодо жеңиш менен чыккан Алексиси Чипраздын фракиялык экенин жазган. Жетишкен ийгилиги менен бүткүл дүйнөнүн кызыгуусун тарткан Радикал сол союздаштык партиясы СИРИЗАнын лидери Алексис Чипраз Кыркларелине караштуу Бабаескиден көчүп кеткен бир үй – бүлөнүн небереси.2010 - жылы 24 - сентябрда Эдирнеге келген Чипраз Бабаескиден көчүп кеткен бир үй бүлөнүн небереси экенин, ушул себептен Фракияда жүргөндө өз мекенинде жүргөндөй сезгенин айткан.
«Хабер түрк» гезити «Стамбулдан Болгарияга жогорку ылдамдыктагы поезд» деген маалыматында «Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элвандын : «Биз бул жылы Стамбулду Болгария чегине - Эдирне Капыкуле менен байланыштырган жогорку ылдамдыктагы поезд долбоорунун тендерине чыгууну каалайбыз. Бул тууралуу керектүү иштерди аткаруудабыз»,- деди.
«Сабах» гезити «Австралиянын Оскары Йылмаз Эрдоганга» деген маалыматында Йылмаз Эрдоган «Акыркы үмүт» киносундагы ролу менен жардамчы эркек актер тармагында Австралиянын эң негизги кино сыйлыгына ээ болгонун жазып жана Оскар сыйлыгы актер Рассел Кроу режиссерлук кылган, Йылмаз Эрдоган менен бирге Жем Йылмаз да роль алган кинонун бир бөлүгү Стамбулда тартылган. Маданият жана туризм министри Өмер Челик «Эң жакшы жардамчы эркек актер» сыйлыгына ылайык көрүлгөн Йылмаз Эрдоганды куттуктаганын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар