Түрк басма сөзү-22.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

194641
Түрк басма сөзү-22.01.2015


«Акшам» гезити «Түркия чоң экономика жолунда» аттуу макаласында "Нобэль" сыйлыгынын ээси, атактуу экономист Жосеф Э.Стиглиц Түркиянын өзү жалгыз чоң экономика болуу жолунда илгерилеп баратканын айтканын жазган.
Гезит Кытайдын Африкадагы байуусунун Түркияга пайда алып келгенин сөз кылган Стиглицтин, Түркиянын Африкадагы иш-чараларынын күчтөнө турганын айтканын жана Түркиянын өсүүсүн уланта турганын сөз кылып, «Өзгөргөн геополитикалык абалга жараша Түркия-2015-жылдын мүмкүнчүлүгү чоң өлкөлөрүнүн бири болушу мүмкүн» -деп айтканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң чоң  сатуу бөлүмдөрү Стамбул бажыканасында ачылат» деген маалыматында салынып жаткан үчүнчү аэропортто, 120 миллион евро инвестиция менен дүйнөнүн эң чоң duty free комплекси курула турганын белгилеген.
Гезит бардыгы 53 миң чарчы метрдик аянтка ээ болгон дүкөндөр, 400дөн ашуун марканы чатыры астында камтый турганын жана 7 миң кишини жумуш менен камсыздай турган дүкөндөрдө, акылдуу соода машиналары сыяктуу бир топ жаңы технологиялардын да чогуу сунушталышы пландалганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «Чет элдиктер эң көп үй сатып алган жерлер» аттуу макалада Түркияда чет элдиктер эң көп турак жай сатып алган 10 областтын тогузунун жээк шаарлары болгону белгиленген. Анда чет элдиктер Анталья, Стамбул, Айдынды эң көп тандашса, деңизге жээктеш болбогон жалгыз шаар Анкарада турак жай сатып алуу көп болгону маалымдалган. Гезит чет элдиктер 2014-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин 17 миң 104 даана турак үй сатып алгандарын кабарлайт.
«Йени шафак» гезити «ТҮРКӨК дүйнөгө да үмүт болот» деген макаласында Түрк Кызылайы жана Саламаттык сактоо министрлиги кол койгон протоколдун алкагында үй-бүлөсүндө клеткасы шайкеш келген эч кимиси болбогон кан рагы менен ооругандар үчүн үмүт боло турган Түркия сөңгөк клеткасы координация борборунун (TÜRKÖK) долбоору күчүнө киргенин белгилеген.
Гезит чет өлкөлөрдөгү сөңгөк клеткасы координация борборлору менен да байланышта боло турган TÜRKÖK аркылуу алгачкы жылы эле 65 миң ыктыярдууга жетилиши максатталганын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Абу-Даби аэропорту TAV га аманат кылынды» деген маалыматында Түркияда ишин жүргүзгөн TAV информатиканын бүтүрүлгөндө дүйнөнүн бир чатыр астындагы эң чоң терминалы боло турган Абу-Даби аэропорту Midfield терминал имараты үчүн ачылган байланыш технологиялары тендерин жеңип алганын жазган.
Гезит TAV информатика 50 миллион долларга жеңип алган тендер менен терминалдын бүтүндөй информатика инфраструктурасынын долбоорун, монтаж жана кошумча тейлөөлөрүн милдеттенгенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар