Түрк басма сөзү 19.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

189771
Түрк басма сөзү 19.01.2015


«Йени шафак» гезити «Француздар бөлүндү» деген макаласында француз калкынын Шарли Эбдо журналынын Азирети Мухаммед карикатурасына каршы чыкканын жазган. Шарли Эбдо кол салуусунан кийинки акыркы сурамжылоого караганда француздардын жарымы сөз эркиндигинин бир чеги бар экендиги көз карашында. Изилдөөгө катышкандардын 50 пайызы интернет үстүндө сөз эркиндигине чектөө коюлушун талап кылса 42 пайызы болсо аты аталган карикатуралардын жыйынтыктарынын иликтениши жана тартылбашы керектиги көз караштарын бөлүшүүдө.
«Ватан» гезити «Лидерлер деңгээлинде саммит өткөрөбүз» деген макаласында вице-премьер Али Бабажан Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагалык кызматына байланыштуу баа берүүсүндө, Түркиянын бул маанилүү кызматы аркылуу дүйнөлүк экономика жана финансы күн тартибинин белгилөөчү абалга жеткенин айтканын жазган. Ноябрь айында Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитин өткөрө тургандарын билдирген Бабажан, маселелердин чечилүүсү жана коркунучтарды алдын алуу үчүн лидерлердин эрктүүлүгү керектүү экенин баяндады.
«Миллийет» гезити «Антарктида үчүн академиялык борбор» деген маалыматында Стамбул техникалык университетинин Уюлдарды изилдөө борбору, Түндүк жана Түштүк уюл аймактарынын келечеги туурасында Түркиянын сөз ээси болуусу үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турганын маалымдаган.
Антарктидада курулуусу пландалган Түркиянын илимий базасы үчүн улантылып жаткан иш-чаралардын алкагында Стамбул техникалык университетинде Уюлдарды изилдөө борбору курулду.
«Акшам» гезити «Цитрус жемиштери Ыраакы Чыгышка экспорттолот» деген кабарында Орусия менен катар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнө өз жемиштерин жиберген орто эсеп менен 942 миллион 212 миң 767 доллардык экспорт көлөмдүү түрк цитрус сектору, альтернативалык базар катары эсептеген Япония менен Кытай Эл Республикасына жасай турган экспорт аркылуу дагы да күчтөнгүсү келүүдө.
«Сабах» гезити «Түрк-немис эмпатия көпүрөсү» деген макаласында калкынын 5 пайызы мусулман болгон Германиянын Түркия менен жаштар көпүрөсүн курганын билдирген. Меркатор фонду эки өлкөнүн жаштарын жолугуштура турган жүздөгөн алмашуу долбоору үчүн 3 миллион евролук каражат бөлдү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар