Түрк басма сөзү 17. 01. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

187429
Түрк басма сөзү 17. 01. 2015

«Акшам» гезити «АКШ Түркияга аскер жиберет» деген маалыматында АКШ «камсызда жана билим бер» деген программанын негизинде Сириялык оппозициячыл күчтөргө билим берүү максатында 400 Америка аскерин Түркияга жиберерин билдирген. Пентагон айрыкча коопсуздук жана тылдык кызматкер да жиберет. ИШИМге каршы күрөшүү үчүн жаз айларында башталышы күтүлгөн «камсызда жана билим бер» программасында бир жылдын ичинде 5 миң сириялык оппозициячыл машыктырылат.
«Хүррийет» гезити «Францияда Стамбул макети» деген маалыматында 10 – 13 - март күндөрү Франциянын Канн шаарында өткөрүлө турган кыймылсыз мүлк жарманкеси MIPIM 2015те Түркиянын шаар түзүлүшү көрсөтүлөрүн жазган. Түркия жарманкеге Стамбул, Анкара, Анталья, Бурса жана Сакаря шаарлары менен бирге Бейоглу мэрдиги башта болуп көптөгөн район менен катышууда. Жарманкеде Түркия 1200 метр квадраттык аянтта курулат.
«Сабах» гезити «Европанын балыгы Түркиядан» деген маалыматында Европага балык экспорттогон Түркия акыркы 10 жылда балык экспортун үч эсеге чыгарганын жазган. Гезит азык – түлүк, айыл – чарба министрлигинин жүргүзгөн иш чараларынын натыйжасында балыкчылык сектору ылдам өнүккөн Түркия 2002 – 2011 – жылдары балык экспортун 264 пайызга өстүрүп 448 миллион долларга жогорулатканын билдирген.
«Йени шафак» гезити «Италияндар түрк фундугун абдан жактырышты» деген маалыматында дүйнөлүк фундук өндүрүү жана экспортунун 75 пайызын аткарган Түркия өткөн жылы 101 өлкөгө 252 миң 528 тонна фундук экспорттоп 2 миллиард 314 миллион 353 миң 67 доллар киреше тапканын жазган. Эң көп фундук экспорттолгон өлкө 59 миң 96 тонна менен Италия болуп, экинчи 57 миң 826 тонна менен Германия, 22 миң 289 тонна менен Франция үчүнчү болгон.
«Миллийет» гезити «Дүйнөнүн эң кооз 20 шаары» деген маалыматында Англиянын эң көп тираждуу гезити «Telegraph» окурмандарынын дүйнөнүн эң кооз 20 шаарын тандаганын, Түркиянын белгилүү шаары Стамбулдун тизмеге 11 - орунда киргенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар