Түрк басма сөзү 13.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

183590
Түрк басма сөзү 13.01.2015

«Сабах» гезити «Инвестициянын адреси: Түркия,Индия жана Тайван» аттуу макаласында Goldman Sachsтын 2015-жыл үчүн өнүгүп бара жаткан базарларга инвестиция жасай тургандарга адрес катары Түркия, Индия жана Тайванды сунуштаганын жазган.
Гезит Goldman Sachsтын стратегисти Түркия жана Индиянын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында пайыздарды төмөндөтүү ыктымалдуулугу болгонуна көңүл буруп, мунун инфляцияда төмөндөө жана акырында эки өлкөдө тең акчалай жактан жеңилдиктер боло турганын белгилегенин маалымдаган.
«Акшам» гезити «Иракты бириктире турган түрк чечим табуусу кол коюу баскычында» деген маалыматында Иракта бүтүндөшүүнү тереңдете турган жана мунай заттын Түркиядан дүйнөгө чыгышын камсыздай турган «Басра-Багдад куур жолунун курулушунда кол коюу баскычына жетилгенин жана бул долбоорго ылайык Басрадан чыгарыла турган мунай заттын Түркия тарабынан курула турган куур жолу аркылуу Багдадга, бул жерден да учурдагы куурлар колдонулуп Жейханга чейин жеткириле турганын белгилеген.
«Ватан» гезити «Автомобилде ЕБнин бешинчи чоң өлкөсү болдук» деген макаласыда автомобиль өндүрүшү 2014-жылы 733 миң менен бүткүл убактардын эң жогорку деңгээлине жеткенин билдирген.
Гезит Түркия,Германия,Испания, Франция жана Англиядан кийин Европанын бешинчи ири автомобиль өндүрүүчүсү деңгээлине жогорулаганын баяндаган. Быйыл болсо өндүрүүнүн 1 миллион 225 миң даана, экспорттун 925 миң даана болуп рекордго жетишилиши күтүлүүдө.
«Йени шафак» гезити «23 секундда бир учак каттамы коюлуп турат» деген маалыматында 2014-жылы жалпы өлкөдөгү аэропорттордо 23 секундда бир учак каттамы болуп турганын жазган. Гезит учак танспорту 2014-жылы мындан мурдагы жылга салыштырмалуу 10 пайыз өсүп 1 миллион 344 миң 265ке жеткенин белгилеген. Учак каттамдарынын жарымына жакыны Стамбул аэропортторунан аткарылды. Стамбулдан кийин Анталья аэропорту орун алды.
«Стар» гезити «Неймар түрк жылдызын мактап, ага суктанамын» дегенин кабар кылып берген. Анда Берселонанын супер жылдызы Неймар, «Royal Cup» футбол турниринин таанытуусу үчүн Стамбулга келип, Испанияда топ тепкен футболчубуз Арда Туранга мактоо жаадырганы белгиленген.
Гезит Неймардын: «Арда Туран Испанияда өз тарыхын жазып жатат. Чоң потенцияга ээ болгон футболчу, аны ар бир оюунунда суктанып көрөмүн. Түрк калкына бул жерде мага меймандостук көрсөткөнү үчүн ырахмат айтамын. Оюнда жеңилип калышса да мага кол чабышты»-дегенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар