Түрк басма сөзү 10. 01. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

180033
Түрк басма сөзү  10. 01. 2015

«Стар» гезити «Эки жылдан кийин Түркияга жаңы патриот ракетасы келди» деген маалыматында Аданага Нидерландия тарабынан курулган 2 жылдык кызмат мөөнөтү толгон Патриот ракеталык коргоо системаларынын ордуна жайгаштырыла турган Испания ракета системаларынын каражаттарын ташыган 2 кеме Хатайдын Искендерун районундагы портко келгенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Кызылайдан Сирияга 840 миллион лиралык жардам» деген маалыматында Түрк Кызылайы жарандык согуш башталган 2012 - жылдан бери Сириядагы муктаж болгон кишилерге 12 миң 350 тройлер менен 840 миллион лиралык жардам берди. Кызылайдын башкы директорунун орун басары Минтез Шимшек Сириядагы лагелерде жашап жаткан 125 миң кишинин негизги муктаждыктарынын камсыз кылынганын билдирип : «Жардамдардын 43 пайызын азык – түлүк, 57 пайызын башка турмуштук зарылчылыктар менен дары – дармектен турат»,- деди.
«Миллийет» гезити «Фракияда жаратылыш газ табылды» деген маалыматында Фракияда иш алып барган Канаданын «Марса энергия» фирмасы тарабынан Пойраз аянтында жаңы жаратылыш газ резервинин табылганын билдирген. «Марса энергиядан» берилген маалыматта жаңы табылган жаратылыш газ резервинин 600 миллион метр куб экени белгиленди. Аянтта такталган резервдин 277 миллион метр куб экени белгиленген маалыматта бул аянттагы жалпы жаратылыш газдын финансылык баасынын 86 миллион долларга жакын экени билдирилди.
«Радикал» гезити «Даяр кийимде рекорддук экспорт» деген маалыматында Түркиянын негизги экспорт продукцияларынын арасында орун алган даяр кийимде 2014 – жылдын акырында 18 миллиард 700 миллион доллар менен акыркы 10 жылдын эң жогорку экспорту ишке ашты. Даяр кийим секторунда эң көп экспорт кылынган өлкөлөрдүн арасында Германия 20 пайыздык үлүш менен биринчи орунда турат. Германиядан кийин Бириккен Араб Эмирликтери, Испания жана Франция турат.
«Стар» гезити «500 миллиард доллар үчүн Түркияга келет» деген маалыматында 2018 - жылга чейин 500 миллиарл долларлык соода көлөмүн максат кылганын билдирген Д – 8 экономикалык кызматташтык уюмунун баш катчысы Сеййид Али Мухаммед Мусави соода министрлеринин бул максатты эки айдан кийин Түркияда сүйлөшүшөрүн айтты. Мусави : «Муну менен бирге максатка жетүү үчүн Түркиянын жол башчылыгында менчик секторлорду жолугуштурган жыйындар өткөрүлүүдө. Коомдук жана менчик сектор катары бул максатка жетүү үчүн колубуздан келгенди аткаруубуз керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар