Түрк басма сөзү 8.1.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

177480
Түрк басма сөзү 8.1.2015


«Радикал» гезитинин интернет барагында чыккан «Түркиядан Париж кол салуусуна каршы чыгуулар» аттуу маалыматында Франциянын борбор аары Парижде 12 киши өлтүрүлгөн «Шарли Эбдо» аттуу журналдын кеңсесине куралдуу кол салуу Түркияда карыш чыгууларга себепчи болгонун баяндаган.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу «Түркия катары террордун ар түрдүүсүн жек көрүү менен айыптайбыз»-деп айтса, маданият жана туризм министри Өмер Челик: «Бүтүндөй адамзатка болгон кол салуу. Аны айыптайм»-деп айтканын жазат.
«сабах «гезити «Танер Йылдыз: Европа Биримдигине эң көп жардам берген 3 өлкөдөн бирөөбүз» аттуу макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз: «Европа Биримдигине саясий себептер менен кире албашыбыз мүмкүн, бирок энергетика темасы ачыла элек болсо дагы 28 ЕБ өлкөсүнө эң көп жардам берген 3 өлкөдөн бирибиз»-деп айтканын кабарлашат.
Гезит министр Йылдыз: «Энергетиканы тынчтык жолу менен колдонулушун каалайт жана муну тартиптүү жалпы саясат, туруктуу Түркия саясаты үчүн жасоодобуз»-деп айтканын билдирген.
«Миллийет» гезити Барбарос дагы 3 ай газ издейт» аттуу макаласында Кипрдын Рум бөлүгүнүн бир жактуу түрдө Жер Ортолук деңизде жаратылыш газ издөө иштеринин жүргүзүүсүнүн себебинен кипрдык түрктөрдүн атынан сейсмикалык изилдөө жүргүзгөн «Барбарос Хайреттин паша» аттуу Түркияга таандык кеменин иштөө мөөнөтү 6-апрелге чейин узартылганын жана ТКТРнын президенти Дервиш Эроглу Румдардын терс мамилелери жана иштерин уланта тургандарын жарыялашынын себебинен ушундай чечимге келгенин айтканын баяндаган.
«Акшам» гезити «Чыгыш эми өнүгөт» деген маалыматында транспорт, деңизчилик жана байланыш мнистри Лүтфү Элван Түркиянын 3-чоң асма көпүрөсү жана Адяман менен Диярбакырдын арасындагы кара жол аралыгын кыскарата турган Ниссиби көпүрөсүнүнүн колдонлуган техника жана технология жагынан Түркиянын алгычкы жана дүйнөнүн сейрек кездешкен көпүрөлөрүнүн бири болгонун айтканын жазган.
«Ватан» гезити «Орустардын Түркияда баш тарта албаган шаары» аттуу макаласында орус туристтердин көздөгөнү Түркияда бир шаарга абдан кызыгышканын, Антальядан баш тарта алышпаганын баяндаган.
Гезит дүйнөнүн облусунун башчылыгы жана туризм директорлугу тарабынан жарыяланган маалыматтарга караганда 2014-жылы Антальяга келгендердин саны өткөн жылга салыштырамлуу 3,52 пайыз өсүп 11 миллион 941 миң 954 кишиге жеткенин маалымдаган.
Анда булардын көпчүлүгүн орус туристтер түзгөнү жана 2014-жылы Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмелөөсүндө Орусия Федерациясынын 30,32 пайыз менен алдыңкы орунда турганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар