Түрк басма сөзү 7.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

176172
Түрк басма сөзү  7.01.2015


«Стар» гезити «Греция Европанын адам укуктары сотунда кайрадан жоопко тартылат» аттуу макаласында Грециянын Батыш Фракиядагы түрк азчылык коомдоруна байланыштуу Европа адам укуктары сотунун өкүмдөрүн орундатпаган үчүн кайрадан жоопко тартыла турганы билдирилгенин маалымдаган.
Гезит Европа адам укуктары сотунда бул темада Грецияны маалыматтандырган 2014-жылдын 18-декабрындагы документинде , Искече түрк биримдиги, Родоп областынын түрк аялдарынын маданият коомунун жана Мерич областынын азчылык жаштык коому аттуу коомдордун кайрадан ишке кириши темасында Европа кеңешинин министрлер комитетинин токтомунун алкагында жасалган ишке ашыруулардын эске алынбаганын баса белгиленбегенин маалымдайт.
«Акшам» гезити «Бургулоочу кеме жолго чыкты» аттуу кабарында Түркиянын мунай заттар компаниясы эл аралык фирмалар менен өнөктөштүк түзүп Карадеңиз жана Жер ортолук деңиздеги бургулоо иштерин ылдамдатканын белгилеген.
Гезит ушул алкакта Батыш Карадеңизде бургулоо жүргүзө турган Нобль Глоубтроттер-2 аттуу кеме Стамбулдан ал жакка бет алганын кабарлайт. Стамбул Босфор кысыгынан өтүп Карадеңизге багыт алган кемени энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз узатты.

«Хабер түрк» гезити «Алгач ирет сатылды; килосу 1250 доллар» деген макаласында Чыгыш Карадеңиз аймагында Ризе, Трабзон жана Артвин областтарында жасалган чай талаасында өткөн жылы алгач ирет ак чай өндүрүлгөнүн жазган.
Анда бул ишке ашыруу менен 645 кг ак чай өндүрүлгөнү, чет өлкөдөн бир фирма кг 1100 доллардан ак чай сатып алганы, калганы болсо 1250 доллардан сатылганы жазылган.
«Хүррийет» гезити «22 жылдык түш аткарылды» деген макаласында Измирдин Селжук районунда орун алган Эфес байыркы шаарынын 22 жылдык түшү аткарылып жатканын билдирген.
Гезит Селчук муниципалитетинин башчысы Зейнел Бакыжы: «8500 жылдык тарыхы болгон байыркы шаардын июнь айында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киришин күтүүдөбүз»-деген маалыматты тараткан.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Иф Стамбул, Тим Бартон менен ачылат!» деген макаласында фантастикалык баяндар менен таанылган режиссер Тим Бартондун көрүүчүлөрдү чыдамсыздык менен күттүргөн акыркы киносу «Big Eyes» Түркиядагы бет ачары Стамбулда өткөрүлө турганын кабарлаган. Эл аралык көз арандысыз кинотасмалар фестивалы 12-22-февралда Стамбулда, 26-февралдан 1-мартка чейин болсо Анкарада жана Измирде өтөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар