Түрк басма сөзү 6.01.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

174106
Түрк басма сөзү 6.01.2015

«Стар» гезити «Давутоглу: Биздин флот тынч океанга баратат» аттуу кабарында өкмөт башчынын экономика министрлигиндеги Соода кеңешчилеринин үчүнчү конференциясындагы сөзүн жазды. Анда премьер-министр Ахмет Давутоглу иш-чарага катышкан Латын Америкалык соода кеңешчилерине аймактык алыстыкка карап үмүттөрүн үзбөшү керектигин баса белгилеп, «Түрк флоттору өткөн жылы эле 28 портко барып достук байланышын түздү. Быйыл дагы атайын программаларды жүзөгө ашырып, кызматташтыкты чыңдайбыз. Бул жылы түрк флоту бүтүндөй Инд океаны, Азия, тынч океан жана Японияга барат»-деп айтканы баяндалган.
«Сабах» гезити «Мунай зат согушунда жеңгендер жана жеңилгендер» аттуу макаласында 2014-жылдын башында 110 доллар болгон мунай заттын баррель баасы 55 доллардан ылдыйлаганы экономикалары бул продукцияга көз каранды Орусия менен Иранга залакасын тийгизип жатканы жазылган. Анда мунай зат бааларына байланыштуу жаңы тиреште Орусия-Иран багытынын алдында АКШ-Сауд Аравия кызматташтыгы бар экени баяндалат. Баалардагы төмөндөө бюджет кирешесинин жарымына жакынын мунай зат жана газ менен толтурган Орусия, Иран өлкөлөрүнө оорчулук алып келгени белгиленген. Ал эми АКШ, Түркия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн экономикасында оң жакка жылыштар көрүнгөнү айтылат.
«Акшам» гезитинде жарык көргөн «Машыктыр-жабды долбоорунда маанилүү күн белгилүү болду» аттуу макалада Түркия менен АКШнын ортосунда машыктыр-жабды долбоорунун макулдашуу текстине үч айдын ичинде кол коюлаары баяндалган.
Басылма дипломатиялык булактар сириялык оппозициячылдарга карай программада 3 жылда 15 миң кишинин билим алышын камсыздоону максат кылышканын жазат.
«Миллийет» гезити «Орусиянын Түркиядан эт импорттоосу 6 эсеге өстү» деген макаласында Риа Новостинин кабарына таянып, Орусия федерациясынын август айынан бери Түркиядан эт жана эт продукцияларын импортоосу 6 эсеге жогорулаганын маалымдаган. Гезит ушул эле мезгилде балык товарларын импоорттоо да эки эселенгенин жазды. Анкарадагы соода өкүлү Тофик Маликовдун берген маалыматына караганда, Түркиядан август айынан бери 51,2 миллион долларлык балык подукцияларын жана 14,4 миллион долларык эт жана эт подукцияларын импортоогону маалымдалган.
«Сабах» гезити «Автомобиль аялдарга аманат» аттуу макаласында эркектер үстөмдүк кылган автомобиль секторунда аялдардын саны ылдам өсүп баратканын билдирген.
Гезит аялдар башкаруучулуктун жогорку баскычтарына ылдам көтөрүлүп, активдүү роль алып, Түрк автомобиль сектору келечекке даярданууда. Бул сектордун башында турган аял башкаруучулардын саны ылдам өсө баштады. Эми автомобиль дүйнөсүндө жалгыз эле эркектердин сөзү өтпөйт. Миллион доллардык бюджетти аялдар башкарышаарын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар