Түрк басма сөзү 4.01.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

170876
Түрк басма сөзү 4.01.2014

«Хабер түрк» гезити «Израилдик отурукташуучулар америкалыктарга таш жаадырды» аттуу макаласында Батыш Шериадагы израилдик отурукташуучулардын аймакты изилдеп жүргөн АКШлык дипломатиялык топко таш жаадырганы белгиленген.
Гезит израилдик кырк түтүн жашаган Адеи Ад аймагында израилдиктердин палестиналыктарга таандык бактарды кыйганы боюнча айтымдарды изилдөө үчүн түзүлгөн жана израилдик жооптуулардан уруксат алган топтун унаалары аймакка жакындап калганда таш бараңга алынганын баяндаган. Анда делегациянын кайра кайтканы белгиленип, израилдик бир жооптуунун Батыш Шериадагы отурукташкан санынын 400 миңге жеткенин айтканына көңүл бурулган.
Гезит Израил парламентинин тышкы байланыштар боюнча жооптуусу Дани Даяндын: «Эл аралык жамаат бул жерде бир Палетина мамлекети курула албай турганын билет»,-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезитинде «Мечитиме тийишпе» аттуу макаласында бир жумада 3 мечит өрттөлгөн Швецияда, акыркы кол салууга дуушар болгон мечиттин кире беришине мусулмандарды колдош үчүн жүрөк формасындагы билдирүү жазылганын маалымдаган.
Гезит «Мечитиме тийишпе» аттуу ураан менен ишке ашкан жүрүшкө миңдеген шведдин да катышканын баса белгилеген.
«Стар» гезити «Баатыр Тугчени эскерүү жана ага дуба окуу» аттуу маалыматында Германияда өткөн 15-ноябрда зомбулукка дуушар болгон эки кызды коргойм деп жатып кол салууга дуушар болуп каза болгон 22 жаштагы Тугче Албайрак үчүн кураан окутулганын белгилеген.
Гезит Мюнхендеги ДИТИБ Пасинг Хажы Байрам мечитинде окутулган кураан жана сыйынуулар убагында мечитти Тугче үчүн дуба окугандар толтурганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Эбола коркунучу быйыл бүтөт» деген макаласында БУУнун "Эбола" менен күрөшүү тобунун башында турган ысым Энтони Бэнберинин 2015-жылы "Эбола" менен күрөшүү тууралуу жарыясында абдан өтүмдүү сөз сүйлөгөнүн белгилеген.
Гезит жугуштуу оорунун ушул жылдын ичинде толук токтой турганын баса белгилеген Бэнберинин: «Уюм катары дастан жазылса боло тургандай күрөш жүргүзүүдөбүз. Быйыл биз үчүн татаал өтөөрүн билем, бирок 2015-жылы "Эбола" крзисин бүтүрөөрүбүзгө ишенем»,-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Жаңы жылга жаңы инвестиция менен киребиз» деген макаласында Түрк-Япон өнөктөштүгү менен Османиеде курула турган Тосялы-Тойо темир-болот заводунун пайдубалы түптөлгөнүн маалымдаган.
Анда премьер-министр Ахмет Давутоглу да пайдубал түптөө аземине катышып, Европа, Азия жана Африкага экспорт жасала турганын айтканы баяндалган.
Гезит Давутоглунун аземдеги сөзүндө: «Жаңы жылга жаңы инвестиция менен баштоо кубанычка бөлөйт»-дегени баяндалып, курула турган ишканада 10 миң киши жумуш менен камсыздала турганы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар