Түрк басма сөзү 28.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

163090
Түрк басма сөзү 28.12.2014

«Сабах» гезити президент Режеп Таййип Эрдогандын Марокконун королу 6-Мухаммед менен жолугушканын жазып чыккан.
Гезит эс алуу үчүн 21-декабрдан бери Түркияда жүргөн Марокконун королу 6-Мухаммеддин жубайы королева Селма, балдары Хасан жана Хатиже менен «Йылдыз» сарайына келгенин белгилеген.
Жолугушууда президент Эрдоган менен кызы Сүмейа Эрдоган да орун алганын белгилеген гезит, Марокконун королу 6-Мухаммеддин алдыбыздагы жылда Түркияга расмий сапар менен келиши күтүлгөнүн маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Швецияда дагы бир мечитти өрттөштү» деген маалыматында Швециянын Эскильстуна шаарындагы мечитти жамаат ичинде жүргөндө өрттөп жиберип 3 кишини жаралаган жикчилдердин, дагы бир мечитти өрттөгөндөрүн баяндаган.
Гезит социалдык медиада 68 миң мүчөсү болгон «NEJ TCAK» (Швецияда мечитке орун жок) аттуу жикчил топтун кол салууга колдоо көрсөткөнүн белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Сириялыктар үчүн университет» аттуу макаласында Бахчешехир университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы Энвер Йүжелдин гезитке берген маалыматына ктоктолгон.
Гезит Йүжелдин: «100 миллион долларга Газиантеп же Хатайда сириялыктар үчүн Тынчтык университетин курабыз»,-дегенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «Чет өлкөлүк фирмалар Стамбулду тандашууда» деген макаласында Түркияда ишин жүргүзгөн 41 миң 131 эл аралык капиталдуу фирмалардын жарымынан көбүнүн Стамбулда орун алганын белгилеген.
Гезит Стамбулда 24 миң 489 чет өлкөлүк өнөктөштүү фирма орун алса, бул областтан кийин 4 миң 365 фирма менен Анталия, 2 миң 462 фирма менен Анкара, 2 миң 89 фирма менен Измир жана 1531 фирма менен Мугла областтары орун алганын маалымдаган.
«Сабах» гезитинин экономика барагында орун алган «Биржада сыйкыр бузулган жок» деген маалыматында ишин баштаган жылдан бери удаама-удаа эки жыл төмөндөбөгөн биржанын, салтты дагы бузбаганын жазган.
Гезит Биржа Стамбулдун 2014-жылы эң көп жогорулаган төртүнчү базар болгонун белгилеген. 20 фирманын баасынын 10 миллиард доллардан ашканын белгилеген гезит, Кайсери индексинин эң алдыда болгонун маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Лыжа борборлору жаңы жылга даяр» аттуу макаласында жаңы жылга саналуу гана күндөр калганда Түркиянын жалпысындагы кыш туризми борборлорунда кар жаап жатканын билдирген.
Гезит Улудагда акыркы бир канча күндөн бери кар жаап жатканынан «Отелдер аймагында» кардын калыңдыгынын 25 см жеткенин белгилеген.
Болу Карталкаяга кар жаагандан кийин тилкелер ачылып, эс алуучулар кумары кангыча лыжа тээп жатышкандарын белгилеген гезит, тилкелердеги кардын калыңдыгы 30 см болгонун баяндаган. Кабарда Паландөкен лыжа борборунда болсо жаңы жылдын алдында эл көп катталып жатканы белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар