Түрк басма сөзү 12. 12. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

146296
Түрк басма сөзү 12. 12. 2014

«Миллийет» гезити «АКШ Ф – 35 реактивдеринин моторлорунун техникалык камсыздалышы үчүн Түркияны тандады» деген маалыматында АКШнын коргоо министрлиги жаңы муун согуштук учак Ф – 35тердин оор моторлорунун техникалык камсыздалышынын 2018 - жылдан баштап Түркияда болорун билдирген. Түркия да араларында болгон 9 өлкөнүн биргелешкен консорциуму тарабынан өндүрүлгөн согуштук учак Ф – 35тердин радарга кармалбоо өзгөчөлүгү бар.
«Хүррийет» гезити «Түрк агымы 2017де даяр» деген маалыматында энергетика министри Танер Йылдыз Орусиядан Түркияга жасалуусу пландалган жаңы түтүк жолу «Түрк Агымынын» чыгымынын 16, 3 миллиард евро болорун айтты. Орусия болсо жолдун 2017 – жылдын акырында даяр болорун жарыялаган.
«Акшам» гезити «Чыгыш Африканын кире беришине «Кичинекей Түркия» курулат» деген маалыматында 500 миллиондук Африка базарындагы иш чараларын көбөйтүүнү максат кылган Түркия аймакка кирүү жериндеги өлкөлөргө көңүл бурууда. Экономика министри Нихат Зейбекчи коштоосундагы 100 кишилик ишкер менен Чыгыш Африканын кириш капкасы Жибутиге иш саякатына чыкты. Жибутиге «Атайын экономикалык аймактын» курулушу үчүн эки өлкөнүн экономика министрлеринин ортосунда келишимге кол коюлду. Түрк иш дүйнөсү бул келишим менен ичинде бардык секторлору болгон атайын экономикалык аймагын курат. Келишим менен кеңейтиле турган жана 500 гектардан кичине болбогон бир аянт 99 жылдыгына Түркияга арендага берилет.
«Ватан» гезити «1086 кудук ачылат» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин 2015 – 2019 – жылдагы стратегиялык планынан чогултулган маалыматтарга караганда келерки 5 жылда нефть жана жаратылыш газ иликтөө иштерин ылдамдатат. Нефть жана жаратылыш газ иликтөөнүн негизинде 2009 – 2013 - жылдардын арасында жалпы 905 кудук ачылып бул сан 2015 – 201 9 – жылдардын арасында 1086 деп пландалды. Сөзү болгон мезгилде геологиялык максатта 5 кудуктун ачылуусу максат кылынды.
«Йени шафак» гезити «Коргонуу экспорту 35 пайызга өстү» деген маалыматында эл аралык тармакта конкуренция күчүн күчтөндүргөн түрк коргонуу жана авиация өнөр жайы аянварь - ноябрь мезгилинде 150дөн ашуун өлкө жана эркин аймакка жалпы 1, 4 миллиард доллардан ашуун экспорт жасоо ийгилигине кол койду. Сөзү болгон мезгилде эң көп коргонуу жана авиация экспорту андан мурда да болгондой АКШга жасалды. АКШдан кийин Малайзия, Бириккен Арап Эмирликтери, Испания менен Италия келүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар