Түрк басма сөзү 10.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

143405
Түрк басма сөзү 10.12.2014

«Йени шафак» гезити «Тез эле чогула калып санкцияга өтүштү» деген макаласында Түркия менен Орусиянын ортосундагы жакындашуу Европа Биримдигинде тынчсыздануу туудурганын жазган.
Гезит ИШИМ тууралуу сүйлөшүү үчүн келген Европа Биримдигинин делегациясынын күн тартибинде ал уюмдан көп санкциялар темасы болгонун баяндаган.
Гезит делегация Анкарада «Москвага каршы биз менен чогуу иштешкиле»-деген чакырык салганын, ал эми Түркиянын дипломатиялык булактары Түркиянын Орусия менен карым-катнаштарды дагы да өнүктүргүсү келгенин баса белгилеп: «50 жылдан бери Түркияны азгырып келген Европа Биримдиги үчүн Орусия менен карым-катнаштарында өз кызыкчылыгынан баш тартууну эч ким күтпөсүн» деген баа берүү жасаганын белгилеген.
«Хабер түрк» гезити «Түркия Эбола менен күрөштө Африканы колдойт» аттуу кабарында Саламаттык сактоо министрлиги Түркиянын чек аралар жана жээктердеги саламаттыкты сактоо башкы директору Хүсем Хатипоглунун: «Аймакка керектүү болгон медициналык материалдар ТИКА тарабынан 3 жума мурда Эбола тыгыз көрүнгөн Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гвинея, Сьерра- Леоне, Либерия жана бир жума мурда да Сенегалга тапшырылды»,-дегенин баяндаган.
Хатипоглу глобалдык саламаттык сактоо үчүн коркунуч туудурган Эбола вирусуна кабылгандардын санынын 17 миң 290го, өлүмдөрдүн болсо 6 миң 128ге жеткенин белгилеген.
«Сабах» гезити «Мугла, 37 өлкөгө экспорт жасоода» деген маалыматында Түркия өндүрүшүнүн 20 пайызын аткарган Мугладан 37 өлкөгө мармар экспорттоп жатканын билдирген.
«Акшам» гезити «Фирмалар чыгышта чечим табуу аракетинде» деген макаласында чечим табуу процесси уланып жатканда иш дүйнөсүнүн Түштүк Чыгыш Анадолуга карай багытталуулары көбөйүүдө экендигин жазган.
Гезит 2023-жылы 500 миллиард доллардык экспорт максатына жетүү үчүн «чечим табуу процесси» орчундуу каалга катары баа берилгенин маалымдаган.
Гезит Түркия экспортчулар ассамблеясынын төрага орун басары Сүлейман Кожасерт экспортчу фирмаларды аймакка багыттаганын белгилеп, «Ал жерге байланыштуу айырмалануу жаратууга аракет кылуудабыз. Чыгыш жана Түштүк Чыгышта жасагандарыбыз багыттоо»,-деп айтканын баяндаган.
«Миллийет» гезити 105 жашында каза болгон Ханифе Фурунжуоглунун жаназасында сиңдиси 103 жаштагы Кезбан Боразанжыоглу менен уулу 90 жаштагы Режеп Фурунжуоглу көз жашын төккөнүн баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар