Түрк басма сөзү 9.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

141791
Түрк басма сөзү 9.12.2014

«Стар» гезити «Танер Йылдыз мунай зат туурасында маанилүү сөз айтты» деген кабарында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз Алжирден чийки мунай зат менен кошо мунай зат товарларын алуу боюнча сүйлөшүү өткөргөндөрүн айтканын жазган.
Гезит энергетика жана кен байлык министри Юсуф Юсуфи менен болгон маалымат жыйынында суроолорго жооп берген Йылдыздын, «Алжирден 2015-жылдын 1-январынан тартып 10 жыл бою ала турган жылдык 4-4,4 миллиард метр кубдук суюлтулган газ (LNG) январь-февраль айларында көбөйөт»,-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «Стамбул эл аралык финансы лигасында ылдам жогорулап жатат» деген кабарында Түркиянын табигый финансы борбору абалындагы Стамбулдун аймактын финансы булактарынын чогулушу жана бул аймактарга багыттандырылышы темасында маанилүү борбор болуу потенциясы бар экендигин жазган.
Гезит шаар 2009-жылы Глобалдык финансы борборлорунун индексинде 72-орунда турса, 2014-жылы 633 рейтинг баасына жетишип 47-орунга жогорулаганын жана Стамбулдун 2018-жылы 25-орунга жогорулашы күтүлгөнүн белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Түрк алтынынын рекорддору» деген кабарында Түркиянын алтын экспорту ноябрь айында баа жагынан 117 пайыз өсүү көрсөтүп рекорддук деңгээлге жеткенин баяндаган.
Гезит Экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда 2014-жылдын январь-ноябрь мезгилиндеги алтын кооздук буюм экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 31,88 пайыз катнашында өсүп 2 миллиард 721 миллион доллар деңгээлинен ашканын баяндаган. Гезит түрк алтын секторунун эң көп ишин жүргүзгөн базары Булуң өлкөлөрү болуусун улантууда экенин жазган.
«Акшам» гезити «Сириядан качкан жаш пианист түрк жараны болду» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Сириядан Түркияга баш калкалаган жана Бурсага жайгашкан 16 жаштагы пианист Тамби Асадга түрк жарандыгын берген токтомго кол койгонун билдирген. Гезит Тамби Асаддын түрк жарандыгын алышынан кийин 10-14-декабрда Орусияга жасала турган эл аралык конкурска Түркиянын атынан катыша ала турганын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Брэд Питт менен бир тизмеде» деген кабарында Сербиянын эң чоң кабар барагында орун алган жана бир топ Европа өлкөсүндө кызыгуу менен байкалган «Блик» барагы, күнүбүздүн «сакалдуу эркек» символдорун тандаганын, Европа жана АКШдан бир топ ысым орун алган тизмеде Түркиядан да жалгыз гана Бурак Өзчивит орун алганын баяндаган.
Гезит «Даңазалуу доор» сериалындагы «Вали мырза» ролу менен европалык аялдардын жүргөнүнөн түнөк тапкан Өзчивит тизмедеги эң жаш үчүнчү ысым болгонун маалымдаган.
Гезит Өзчивиттин «Game Of Thronesтогу» Жон Сноуну аткарган Кит Харингтон, Жонни Депп жана Брэд Питт да тизмеде орун алган ысымдардын арасына киргенин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар