Түрк басма сөзү 4.12.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

136839
Түрк басма сөзү 4.12.2014

«Сабах» гезити «ИШИМ менен күрөшүү көп жылга созулушу мүмкүн» деген кабарында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирак жана Сирияда миңге жакын абадан операция жүргүзүп ИШИМди чоң жоготууга учураткандарын, бирок бул күрөштүн жылдап созула турганын айтканын баяндаган.
Гезит 60 өлкө Брюсселде чогулган НАТОнун коалиция жыйынында сөз сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Түркияга жакын коопсуз аймак түзүлүшү темасына да токтолуп: «Бир чечим чыгарууга жакын болгонубузду же кандайдыр бир коопсуз бейтарап аймак формасы менен жолду уланта турганыбызды алдыга коюу туура болбойт»-дегенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «Дүйнөнүн эң чоң 40 экономикасы» аттуу кабарында Дүйнөлүк банк дүйнөнүн эң чоң 40 экономикасын тизмелегенин жазган.
Гезит Түркия тизмеде алдыңкы 20нын арасында орун алганын белгилеп, 18-орунда болгон Түркиянын Швеция, Швейцария, Бельгия,Норвегия сыяктуу көп сандаган күчтүү өлкөнү артка калтырганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Түркиядан АКШга 175 миң даана экспорттолот» деген маалыматында ТОФАШ Түркиянын глобалдык автоунаа өндүрүү базасына айлануусунда чечүүчү ролду милдеттенген «Добло» моделинин АКШ жана Канадага экспортун баштаганын жазган.
Гезит Добло Америка моделинин ТОФАШтын Бурсадагы ишканасында өткөрүлгөн азем менен узатылганын, Фиат автонун дүйнөдө алгач ирет бир моделинин өндүрүлүшүн Италиянын тышындагы жалгыз өлкөдө аткаруу чечими менен Доблонун өндүрүшүнө 2000-жылдын сентябрь айында башталганын жана ушул убакка дейре 1,4 миллион даана Добло өндүрүлгөнүн бул унаалардын 1 миллионунун дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттолгонун баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Реформа поезди даяр» деген кабарында вице-премьер Али Бабажандын Түркиянын 2023-жылдагы максатында жол картасы катары белгилеген 25 беренелик реформа пакетинин үтүр чекитине чейин даяр болгонун айтканын жазган.
Гезит Али Бабажандын: «Багыт белгилүү. Ишибиз реформаларды ылдамдатуу. 2023-жылы көрүнүшү өзгөргөн Түркия болушу үчүн муну ишке ашырууга мажбурбуз»,-деп айтканын баяндаган.
«Акшам» гезити «Стамбул 2014-жылы 11 миллион турист тосту» деген маалыматында жылдын алгачкы 11 айында шаарга келгендердин арасында немистер 10,2 пайызды түзүп алдыңкы орунда болсо, араб өлкөлөрүнөн келгендердин саны да өткөн жылга салыштырмалуу 28 пайыз өстү. Иран болсо 50 пайыз катнашында өскөн турист саны менен эң көп өсүүсү болгон өлкө болду. Статистикаларга караганда Стамбулга Германия, Франция, Нидерландия, Австрия, Швейцария сыяктуу Европа өлкөлөрүнөн келүүлөр өткөн жылга салыштырмалуу бир канча балл өсүү көрсөткөнүн белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар