Түрк басма сөзү 30.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

209993
Түрк басма сөзү 30.11.2014

«Сабах» гезити «Диктатор акталды, демократ өлүм жазасына тартылды» деген кабарында Египетти 30 жыл бою темир муштум менен башкарып келген жана 2011-жылдын башында «Тахрир» аянтындагы элдик козголоң менен кулатылган канкор диктатор Хүснү Мүбаректин төңкөрүшчүл Сисинин сотунун бардык күнөөлөөлөрүнөн кутулганы баяндалган.
Гезит мындан мурда 239 митингчинин өлтүрүлүшү боюнча өмүр бою абак жазасына тартылган Мүбаректин кайрадан сот алдына чгууда күнөөсүз болуп чыгышына көңүл бурган.
«Акшам» гезити «Гаук баатырды мактады» аттуу кабарында Германиянын президенти Йохим Гаук зордуктоочу серб жаштарына кийлигишкени үчүн токмок жеген Тугче Албайрактын үй-бүлөсүнө телефон чалганын белгилеген.
Гезит Гауктун: «Башкаралары батына албаган жерде Тугче үлгүлүү түрдө эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп зомбулукка учуруган жабырлануучуларды коргогусу келди»,-дегенин жазган.
«Ватан» гезити «Дүйнө жүзүнүн дубага муктаждыгы бар» деген маалыматында Папа Францисктин Стамбулдагы алгачкы аялдамасынын "Султанахмат" мечити болгонун жазган. Гезит папаны коштоп жүргөн Стамбул мүфтийи Рахми Йарандын учурубузда дүйнө жүзүнүн дубага муктаждыгы болгонун айтканы боюнча эки диний ишмер чогуу туруп дуба кылгандарын баяндаган.
«Стар» гезити «Адал туризмде дүйнө лидерлиги» аттуу кабарында МҮСИАДдын 15-Эл аралык жарманкесинин акагында уюштурулган «Адал туризм» темалуу панелде катышуучулардын Түркиянын булактары аркылуу дүйнөнүн халал туризм боюнча лидери боло ала турганын айтканын баяндаган.
Гезит жыйынга катышкан Эл аралык ишкердик форумунун башчысы Эрол Йарардын Түркияда 1996-жылы алгач ирет Анталья аймагында курулган адал туризм отелдеринин өнүккөнүн, адал туризмдин коомчулуктун талаптары боюнча маанилүү секторго айланганын айтканын белгилеген.
«Йени шафак» гезити Стамбул аэропортторуна үстүбүздөгү жылдын он айында келип-кеткен жүргүнчү санынын 195 өлкөнүн калкынын санынан көп болгонун белгилеген.
Гезит ушул мезгилде «Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропортторуна 67 миллион 790 миңден ашуун жүргүнчү келип –кеткенин маалымдаган. Кабарда 2014-жылдын он айында Түркиядагы бардык аэропортордон өткөн жүргүнчү санынын өткөн жылдын тийштүү мезгилине салыштырмалуу 10 пайыз артканы маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар