Түрк басма сөзү 19.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

195405
Түрк басма сөзү 19.11.2014

«Стар» гезити «Путин 100 миллиард доллар үчүн келе жатат» аттуу кабарында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин октябрь айында кийинкиге калтырган Түркия сапарын 1-декабрда жасай турганын жазган.
Гезит президент Эрдоган менен бирге Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйынына жетекчилик кыла турган Путинди 10 чакты орус министр да коштоп келээрин маалымдаган. Сапарда эки өлкөнүн ортосундагы 35 миллиард доллардык соода көлөмүнүн, тоскоолдуктар жоюлуп 2020-жылы 100 миллиард долларга жеткирилишинин жолу ачылат, экономика жана энергетика тармактарындагы кызматташтык алдыңкы планга чыгарылат. Айрыкча Түркиядан жашылча-жемиш экспортуна байланыштуу Орусияда болуп жаткан маселеге чечим табуу изделет.
«Хабер түрк» гезити «ТИКАДдын сүйүнчүсү, аял банкчылыгы келе жатат» аттуу маалыматында курулгандан бери аял демилгечилиги тармагында таасирдүү иш алып барган, маанилүү аял маселелелерин өкмөткө жеткирген жана олуттуу чечим табуу сунуштары менен билинген Түркиянын ишкер айымдар коому (ТИКАД) жүйөөлүү маалымат берип, аял банкчылыгы ачыла турганын жарыялаганын билдирген.
Гезит ТИКАДдын төрайымы Нилүфер Булуттун, «Аял банкчылыгы, Түркияда айым демилгечилигинин жолун ача турган, демилгечи айымдардын санын жана туруктуу иштетүү моделдерин колдой турган эң таасирдүү чечим табуу»,-дегенин баяндаган.
«Ватан» гезити «20 жаңы шаардык оорукана салынат» аттуу кабарында 2018-жылдын акырында Түркиянын 90 миң орундуу, өнүккөн технология менен жана медициналык аппараттар менен жабдылган дүйнөнүн жалгыз өлкөсү боло турганын айткан саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу: «20 жаңы шаардык оорукана салынат. 14 шаарда 16 шаардык оорукананын курулушу уланууда»,-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «АКШ жана Израиль түрк ойлоп табуучуну издеп жатат» аттуу маалыматында Измирде 20 жылдан бери жекече тыңчылык кылган Билал Картал өзү өнүктүргөн аппараты менен криминалдык дүйнөнү тушай турган ойлоп табуу жаратканын жазган.
48 сааттын ичинде жок болгон бармак издерин кайрадан чогулта алган аппарат, өлүктүн денесиндеги бармак издерин да белгилей алат. Картал бул аппаратка АКШ, Израиль жана Япониядан заказ алганын маалымдады.
«Акшам» гезити Илимпоздор аларды сүйлөшүүдө» деген кабарында Хунза түрктөрү Гун түрктөрүнөн келгендигин, Пакситан дана Индия чек арасында жашаган бул адамдардын абдан кызык өзгөчөлүгү болгонун маалымдаган. Гезит мусулман болгон хунза түрктөрү орто эсеп менен 110-120 жыл жашай турганын жана аялдар 65-70 жаштарында бала төрөй алышаарын, 100 жашында каза болгондорго жаш кетти дешеерин, Хунза түрктөрүнүн дагы бир кызык жагы эч рак оорусу кездешилбегендигин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар