Түрк басма сөзү 17.11.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

193076
Түрк басма сөзү 17.11.2014


«Акшам» гезити «Түркия талап кылды, качкындар маселеси декларацияга киргизилди» баш сөздүү кабарында Чоң жыйырманын саммити өткөрүлгөн Австралиянын Брисбен Конгресс борборунда премьер-министр Ахмет Давутоглунун эл аралык медиага карай маалымат жыйынын өткөргөнүн билдирген.
Премьер-министр качкындар темасы күн тартибине коюлуп же коюлбай турганына байланыштуу суроого: «Тилекке каршы кеңири сүйлөшүлгөн жок. Жарыялаган декларацияда Жакынкы Чыгыштагы маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркиянын сунушу ордун таап, Брисбен декларациясына киргизилди»,-деди.
«Йени шафак» гезити «Босния-Герцеговинада Осмон мурасы мектептер» деген кабарында Босния-Герцеговинада беш кылым мурда Осмон мезгили убагында «балдар мектеби» катары ачылып жана беш кылымдан бери тынымсыз кызмат көрсөтүп келе жаткан Осмон мурасы мектептери, өлкөдөгү бардык мусулмандар Кураан жана негизги диний билим үчүн балдарын жиберишкен мекемелердин башында турганын билдирген. Мектептер учурда Ислам Биримдиги тарабынан башкарылууда.
«Стар» гезити «ТҮЙАП китеп көргөзмөсүнө рекорддук деңгээлде катышуу болду» деген кабарында 33-Эл аралык ТҮЙАП китеп көргөзмөсүнүн аяктаганын маалымдаган.
ТҮЙАПтын билдирүүсүнө караганда 8-ноябрь ишемби күнү ачылган китеп көргөзмөсүнө быйыл 503 миң окурман катышты. Түркия менен чет өлкөдөн 850 басмакана жана жарандык коомдук уюмдардын катышуусу менен уюштурулган жарманкеде, ар түрдүү программалар менен катар 270 иш-чара өткөрүлдү.
«Сабах» гезити «Коргонуу кинофестивалынан түрк кинотасмасына сыйлык» деген кабарында Италияда быйыл жыйырма төртүнчүсү өткөрүлгөн Эл аралык коргонуу кинофестивалында түрк режиссер Элиф Овардын «Үмүттүн нуру» аттуу даректүү тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыктуу көрүлгөнүн маалымдаган. Овардын Косоводу Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматтарын түшүндүргөн жана Жандармерия командирлигине караштуу алгачкы аял командир улук сержант Шенай Хайдарды баяндаган «Үмүттүн нуру» аттуу чыгармасы менен катар 19 өлкөдөн 52 кино жарышты.
«Хүррийет» гезити «Минералдардын түрк ханышасы» деген кабарында проф.др. Элиф Гүнердин Антарктидада эки жаңы минералды аныктап, дүйнөлүк литературага киргенин билдирген. Гүнер бул ийгиликтүү эмгеги менен Нидерландияда 9 жылдын эң мыкты айымы, Европада болсо жылдын эң мыкты түрк айымы болуп тандалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар